АЛЬФА-АЖЫРОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:30, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЬФА-АЖЫРОО – атом ядросунун өзүнөн-өзү радиоактивдүү ажыроосунда а-бөлүкчөнүн бөлүнүп чыгуусу. Аны төмөнкү схема менен туюнтса болот:


мында, X – баштапкы радиоактивдүү атом ядросунун символу, Ү- ажыроодон пайда болгон ядронун символу, Z - ядро зарядын белгилеген индекс, ал ядронун символунун төмөн жагына, ал эми А – атомдук массанын индекси, ядро символунун өйдө жагына жазылат. Альфа-ажыроонун механизмы эки этаптан турат: 1) ядронун ичинде эки протон жана эки нейтрондун топтолушунан өзүнчө а-бөлүкчөнүн пайда болушу; 2) анын ядродон бөлүнүп, учуп чыгышы. Бул теорияны 1928-жылы Англияда Г. Герни менен Э. Кондон иштеп чыгышкан. Ядронун өзү α-бөлүкчө ж. б. нуклондор үчүн потенциалдык тоскоол болуп эсептелет. Бирок, α-бөлүкчөнүн толкундук касиети күчтүү болгондуктан тоскоолду аралап өтүп, ядродон бөлүнүп чыгат. Элементтердин мезгилдик системасында коргошундан кийин жайгашкан 200дөн ашык α-радиоактивдүү ядролор белгилүү.