АЛЬТИМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:30, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЬТИМЕТР (лат. altum – бийиктик жана ...метр), бийиктик өлчөгүч – учуучу аппараттын учуу бийиктигин өлчөөчү прибор. Барометрдик альтиметрде абанын атмосфералык басымынын бийиктикке көз карандылыгы (бийиктик өскөн сайын басым азаят) пайдаланылат. Басым абасы сордуруп чыгарылган мембраналуу металл камеранын жардамында өлчөнөт. Буга окшогон камералар барометрде коюлган. Ченелген маанилер кийин бийиктиктин маанисине өзгөртүлөт. Альтиметрди тууралоо (настройка) үчүн басымдын деңиз деңгээлине көз карандылыгын жанa температуранын өзгөрүшүн эске алуу керек; радио бийиктик өлчөгүч альтиметр радиосигналды тик багыт боюнча төмөн көздөй берүү жанa Жерден берилген жанa чагылдырылган сигналдын фазаларын салыштыруу менен бийиктикти: деңиз деңгээлинен болгон бийиктикти эмес, жер бетине чейинки аралыкты өлчөйт.