АЛЬТЕРНАТИВАЛЫК ЭНЕРГЕТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:30, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЬТЕРНАТИВАЛЫК ЭНЕРГЕТИКА – калыбына келүүчү энергия булактары жөнүндө жалпы түшүнүк. Бүгүнкү күндө адамзат коому шарттуу түрдө пайдаланып келе жаткан (калыбына келбөөчү) энергия булактары (көмүр, нефть, жыгач отуну ж. б.) 90% кубаттуулукту берет. Альтернативалык энергетика булактары – Күн энергиясын, геотермалдык энергияны, шамал жанa гидроэнергияны, биомассаны, жылуулук шилендилерин ж. б. табигый калыбына келүүчү энергия булактарын камтыйт. Автотранспорт колдонгон нефть продукцияларынын (бензин ж. б.) чөйрөгө тийгизген таасирин азайтыш үчүн алардын ордуна табигый газдар же болбосо спирт бирикмелерин (метанол, этанол ж. б.) колдонуу жүзөгө ашырылат. Альтернативалык энергетика көбүнчө экологоиялык «таза» энергия булагы деп эсептелинет.

А.Конушбаева.