АЛЬП ТООЛОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:29, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЬП ТООЛОРУ (кельт тилинде alp – бийик тоо) – Европадагы эң бийик тоо системасы. Франция, Италия, Швейцария, Германия, Австрия, Монако, Словения, Лихтенштейн мамлекеттеринин аймагында. Жер Ортолук деңизден Орто Дунай түздүгүнө чейин түндүк-батышка ийилген дого сымал созулган кырка тоо менен тоо массивдеринин татаал системасы. Узундугу 1200 кмдей (догонун ички чети боюнча 750 кмдей). Туурасы 260 кмге чейин. Боден жанa Комо көлдөрүнүн аралыгында Альп тоолорун кесип өткөн өрөөн аркылуу кыйла бийигирээк Батыш Альп тоолоруна (мында тоонун эң бийик жери 4807 мге чейин жетет, Монблан чокусу) жана жапызыраак, жазы келген Чыгыш Альп тоолоруна (4049 мге чейин, Бернина чокусу) бөлүнөт. Бүктөлүү структурасы негизинен альп тектоникалык кыймылынан пайда болгон. Альп тоолорунун кыр зонасы кристаллданган (гнейс, слюдалуу сланец), метаморфизмделген (кварцфиллиттүү сланец) байыркы тоо тектерден турат, мөңгүнүн аракетинен пайда болгон формалары жана азыркы мөңгүлөр (жалпы аянты 4 миң км2ден ашык 1200дөй мөңгү бар) мүнөздүү. Мөңгү

АЛЬП ТООЛОРУ. Орографиялык схема

менен түбөлүк кардын этеги 2500–3200 мге чейин түшөт. Капталдарындагы туурасынан жана узатасынан созулуп жаткан көптөгөн өрөөндөрдүн төрлөрүндө өтүүгө ыңгайлуу ашуулар бар, алар аркылуу автомобиль жана темир жолдору өтөт (к. таблицаны). Кыр зонасынан түндүк-батыш жана түштүктү карай

Альп тоолору. Маттерн чокусу.

мезозойлук акиташ тектүү жана доломитүү тоолор, андан кийинчерээк пайда болгон флиш жана молас формацияларынан турган орто бийик жана жапыз тоолуу Альп өндүрү созулуп жатат. Альп тоолору – Европанын климатын айырмалап туруучу негизги тоскоол. Андан түндүк жана батыш тарапка мелүүн климаттуу аймак, түштүк тарапка субтропиктик жер ортолук деңиз климаттуу ландшафт мүнөздүү. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү батыш жана түндүк-батыш айдарым капталдарында 1500–2000 мм, айрым жерлеринде 4000 ммге чейин. Альп тоолорунан Рейн, Рона, По, Адиже дарыялары, Дунайдын оң куймалары башталат. Мөңгүнүн аракетинен жана тектоникалык кыймылдан пайда болгон көлдөр (Боден, Женева, Комо, Лагомажоре ж. б.) көп. Ландшафттын бийиктик алкактуулугу даана байкалат. 800 м бийиктикке чейинки аймактын климаты мелүүн, жылуу, түштүк капталдарыныкы – жер ортолук деңиздик; жемиш бактары, айдоо аянттары көп, жер ортолук деңиз бадалдары жана жазы жалбырактуу токой өсөт. 800–1800 м бийиктикте климаты мелүүн жана нымдуу; эмен, бук ж. б. өскөн жазы жалбырактуу токой жогорулаган сайын ийне жалбырактуу токой менен алмашат. Мында мал жайытта багылат; төмөн жагында дыйканчылык өнүккөн. 2200–2300 м бийиктикке чейин суук субальп климаты өкүм сүрөт; кар көпкө жатат. Бадал жана өскүлөң шалбаа басымдуу, жайкы жайыт. Андан жогору түбөлүк кар чегине чейин климаты катаалдап, кыска чөптүү альп шалбаасы өсөт, жылдын көп мезгилинде кар жатат. Кыр зонасын кар, мөңгүлүү нивалдык алкак ээлейт; тоо капталдары корум таштуу.
Альп тоолору – Европанын рекреациялык ресурстарга бай региону; анда эл аралык альпинизм, туризм жана тоо лыжа спорту өнүккөн.

Table 2: Альп тоолорундагы маанилүү ашуулар

Ашуунун аты
Деңиз деңг.
бийиктиги (ж)
Жайгашкан
жери
Транспорттук мааниси
1 2 3 4
Тенда 1870 Жээк Альп тоолору
Турин (Италия)-Ницца (Франция) шоссе
жана темир жолдору
Фрежюс 2538 Кот Альп тоолору
Туннел аркылуу Турин (Италия)-Лион
(Франция) темир жол өтөт.
Мон-Сени 2083
Кот жана Грай Альп тоо-
лорунун аралыгында
Турин (Италия)-Лион (Франция) шоссеси
Кичи Сен-Бернар 2188
Грай Альп тоолору менен
Монблан массивинин
аралыгында
Аоста (Италия) - Альбервиль-Гренобль
(Франция) шоссеси
Чоң Сен-Бернар 2469
Пеннин Альп тоолору-
нун батыш чети
Аоста (Италия) - Мартиньи-Виль-Лозанна
(Швейцария) шоссеси
Симплон 2005
Пеннин жана Леопонтин
Альп тоолорунун ара-
лыгы
Милан-Домодоссола (Италия)-Бриг-
Лозанна (Швейцария) шоссеси. Ашуудан
чыгыштагы Симплон туннели аркылуу
жогорудагы пункттарды туташтырган те­
мир жол өтөт.
Сен-Готард 2108
Леопонтин Альп мас-
сиви
Лугано - Беллинцона (Италия) - Альт-
дорф - Цюрих (Швейцария) шоссеси жана
темиржол (тунел аркылуу)
Сан-Бернардино 2065
Леопонтин Альп тоо­
лору
Лугано - Беллинцона (Италия)- Кур
(Швейцария) шоссеси
Бреннер 1371
Эцталь жана Циллерталь
Альп тоолорунун ара­
лыгында
Больцано (Италия)- Инсбрук (Австрия)
шоссеси жана темир жол


Ад.: Добрынин Б. Ф. Физическая география Западной Европы. М., 1948; Трюмпи Р. Тектоническое развитие Центральных и Западных Альп, в сб.: Тектоника Альпийской области. М., 1965. Физическая география материков и океанов. М., 1988. Ө. Бараталиев.