АЛЬДАБАРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЬДАБАРА – Инд аралындагы атолл. Сейшел аралында. Табигый резерват. Аянты 350 км2. Анын 190 км2 ге жакыны кургактык. Коралл аки таштан түзүлгөн. Төрт ири жана көптөгөн майда аралдардан турат. Терең жаракалар, үңкүрлөр жана киши өтө алгыс лабиринттер мүнөздүү. Жээктерин бойлой мангр өсүмдүктөрү, лагуналарында деңиз чөптөрү өсөт. Атолл деңиз ташбакаларынын жумурткалоочу жайы. Канаттуулардан олуши, фрегаттар, альдабара дронгосу (жоголуу коркунучу алдында турат) уялашат. Курт-кумурскалардын 1000ден ашык түрү (анын ичинде 40 түрү эндемик) кездешет. Флоранын 20%и эндемик. Атолл Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.