АЛТЫН ОРДО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫН ОРДО – 13-кылымдын 40-жылдарынын башында Батый хан негиздеген мамлекет. Алтын ордонун бийлиги батышта – Дунайдын аягы менен Фин булуңуна, чыгышта – Иртыш менен Обь суусунун аягына, түштүктө – Кара, Каспий жана Арал деңиздери менен Балхаш көлүнө, түндүктө – орустун Новгород жерлерине чейинки аймакты камтыган. Алтын ордонун борбору оболу Сарай-Бату (Астраханга жакын), кийин Сарай-Берке (Волгоградга жакын) болгон. Мамлекет катары түпкү негизи монгол жана түрк көчмөн элдеринен куралган, күч менен гана сакталып турган бирикме болгон. Анын курамына Итиль дарыясынын аймагындагы булгарлар, мордвалар, орустар, гректер, түрк тилинде сүйлөгөн айрым элдер кирген. Көчмөн калктын басымдуу бөлүгүн кыпчактар, татарлар, маңгыттар, кереиттер, наймандар, каңды ж. б. көчмөн уруулар түзгөн. Алтын ордонун карамагында жашаган элдин коомдук жана маданий өнүгүү деңгээли да түрдүүчө болгон. Хандар карамагындагы калктарга талап-тоноо саясатын жүргүзүп, мыкты жерлерди жана жайыттарды көчмөн феодалдар ээлеп, калктан үзгүлтүксүз салык алып турушкан. Шаарларда кол өнөрчүлүк өнүккөн. Алар маданияттын да борборуна айланган. Шаарларда чет жактан келген усталар иштешкен. Мамлекеттин башында Чынгыз хандын тукумунан чыккан хандар турган. Ал эми мамлекеттик иштерди «бектердин беги», айрым аймактарды вазирлер башкарган. Элден жыйналуучу салыкты даругдар же баскактар жыйнашкан. Мамлекеттик түзүлүшү жарым аскердик мүнөздө болгон. Анткени аскердик жана административдик кызмат бөлүнгөн эмес. Алтын ордонун аймагын Жучунун 14 уулу энчилеп улустарга бөлүп алган. Мисалы, Ак ордо улусун Жучунун уулу Ордо-Ежен башкарган. Кийинчерээк Алтын ордо мурасчыларынын ортосунда феодалдык согуштар чыккан. 1357–80-жылдары ич ара согуштардын натыйжасында 25 хан орун алмашкан. 14-кылымдын 60-жылдарында Алтын Ордодон Хорезм, бир аз өтпөй Астрахань бөлүнүп кетет. Биригишкен орус княздары 1380-жылы Куликовдогу ордого каршы салгылашууда чоң ийгиликке жетишет. 1395–96-жылдары Тимур А.лтын ордонун аскерлерин толук талкалап, Сарай-Беркени басып алат. 15-кылымдьн 20-жылдары Алтын ордо биротоло ыдырап бузулуп, мурдагы бирикмеден Сибирь хандыгы, Ногой ордосу, Казань жана Крым хандыктары өз алдынча бөлүнүп кетет. 1480-жылы орустар монголдордун зомбулугунан биротоло бошогон, 16-кылымдын башында чоң ордо толугу менен жоюлган.
3. Эралиев.