АЛТЫГАНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫГАНА (лат. Caragana; М. Кашгаринин сөздүгүндө «каракан» түрүндө кезигет) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумунун уруусу. Бадал, бийиктиги 20 смден 2—5 (7) метрге жетет. Кабыгы боз, сары, күрөң ж. б. Жалбырагы канат сымал татаал кесил-

АЛТЫГАНА 5.png

ген, жан жалбырагы, жалбырак сабы тикенге айланган. Гүлү сары же кызгылт, эки жыныстуу, жалгыздан же 2-5 гүлү бар боочону түзөт, мөмөсү – чанак, анын узундугу 3-4 см, түктүү же түксүз. Май айынан баштап гүлдөй баштайт. Кургак сайда, шагыл таштуу капчыгайда, өзөн суулардын жээгинде 80дей түрү таралган. Көбүнчө Орто Азия, Кытай, Монголия, Жунгария, Кашкарияда кездешет. Кыргызстандын бардык райондорунда 14 түрү тараган.