АЛМУРУТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:23, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛМУРУТ (Руrus) ‒ өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы мөмөлүү дарак. Алмуруттун 60ка жакын түрү бар. Кыргызстанда (негизинен Арстанбапта) 18 түрү кезигет. Алмурут жапайы жана өстүрүлмө болуп бөлүнөт. Жапайысы Түштүк Европа, Кавказ, Орто Азия, Ыраакы Чыгыш, Кытайда; бизде Ош облусунда, Талас,

АЛМУРУТ92.png

Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө ж. б. жерлерде өсөт. Жапайы түрүнө караганда анын өстүрүлмө түрүнүн мөмөсү чоӊ, жумшак, ширелүү. Бийиктиги 4‒20 мге жетет. Гүлү ак же мала кызыл. Мөмөсү сүйрү же тоголок, ширелүү, жашыл, кызгылт, сары түстө, салмагы 800 гга чейин жетет. Жалбырагы сүйрү, тамыры түз, жерге тереӊ кирет. Мөмөсүндө суу, кант, кислота, боёк заттар, клетчатка, азот жана А, Б, С витаминдери бар. Андан кыям, компот, повидло ж. б. жасалат. Алмурут жылуу, ачык жерде жакшы өсүп, кургакчылыкка, суукка байымсыз. Көчөтүнөн өстүрүлөт. Кыргызстанда Алмуруттун токой мөлмөлү, клапп сонуну, Вильямс ж. б. сорту өстүрүлөт. Зыянкечтери: Алмурут кенеси, Алмурут канталасы, Алмурут мөмө жегичи; илдеттери: Алмурут котуру, чаӊгыл кебер, цитоспороз .

Ад.: Гареев Э. З. Основы плодоводства Киргизстана. Ф., 1971; Колесников В. В. Яблоня и груша. 2 изд. доп. и перераб., М., 1985.