АЛМАЛЫК КӨМҮР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:22, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛМАЛЫК КӨМҮР КЕНИ Ош облусунун Ноокат районунда, Жалгыз-Арча кырка тоосунун түндүк капталынын этегинде, Ош шаарынан 22 км түштүктө. Кен 1908-жылдан белгилүү. Көмүр 1908‒17-жылдары жеке өндүрүүчү А. В. Спечев тарабынан казылып, 1917-жылы көмүр казып алуу токтоп, 1925-жылы кайрадан башталган. Геологиялык изилдөө жана чалгындоо иштери 1955‒56, 1958‒61-жылдарда жүргүзүлгөн. Көмүр юра катмары менен байланышкан. Көмүрлүү катмарда 2 кабат бар. Үстүнкү кабатынын орточо калыӊдыгы 23,6 м, көмүр 3Б маркасына кирет. Орточо күлдүүлүгү 30%. Күйгөндөгү табы 7061 ккал/кг (290,5 МДж/кг). 1997-жылга карата запасы 19 257 миӊ т.