АЛКАЛОИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКЛКАЛОИДДЕР ‒ азоту бар өсүмдүктөрдөн бөлүнүп алынуучу органикалык негиздер. Алкалоиддер өсүмдүк курамында алма, шарап, лимон, акак, козу кулак ж. б. кислоталар менен көбүнчө органикалык туз түрүндө кездешет жана алардан ар түрдүү химиялык жолдор менен бөлүнүп алынат. Эгерде кургатылган өсүмдүк курамында 1‒2 %ке чейин алкалоиддер болсо, андай өсүмдүк алкалоиддерди алууга толук жарамдуу деп эсептелет. Ал өсүмдүктөр өтө эле ар түрдүү (к. алкалоиддүү өсүмдүктөр). Азыркы күндө миӊден ашык алкалоиддер белгилүү. Көпчүлүгүнүн түзүлүшү өтө татаал. Мисалы , морфин 1806-жылы белгилүү болсо да, анын түзүлүшү 1953-жылы синтезделип алынгандан кийин гана аныкталган. 20-кылымда химиктер акалоиддердин түзүлүшүн аныктоодо чоӊ ийгиликтерге жетишти. Көпчүлүк алкалоиддер түссүз кристалл жана физиологиялык активдүү заттар. Алар баалуу дары болгондуктан адамдын белгилүү органдары менен системаларына күчтүү таасир тийгизет. Мисалы, стрихнин, кофеин адамдын борбордук нерв системасын дүүлүктүрсө, морфин аны тынчтандырат. Өсүмдүк курамынан жана синтез жолу менен алынган алкалоиддердин көпчүлүгү эл чарбасында, айрыкча медицинада кеӊири колдонулат.

Ад.: Орехов А.П. Химия алкалоидов. 2-изд., М., 1955; Генри Т. А. Химия растительных алкалоидов, пер. с англ., М., 1956.

                                                                                                             С. Адылов.