АЛИЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:19, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛИЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР ‒ молекуласы көмүртек жана суутек атомдорунан турган туюк чынжырлуу (циклдүү) органикалык бирикмелер. Алар молекуладагы көмүртек, суутек атомдорунун катышына жана көмүртек атомдорунун бири-бири менен байланышуу мүнөзүнө жараша циклопарафиндер, циклоолефиндер жана циклоалкиндер болуп бөлүнөт. Циклдердин туруктуулугу 3 мүчөлүү өкүлүнөн 6 мүчөлүү өкүлүн көздөй жогорулайт. Химиялык касиеттери циклдеги көмүртек атомунун санына көз каранды. Кичине циклдүү өкүлдөрүндө реагент таасир эткенде цикл үзүлүп, аларга кошуп алуу реакциялары мүнөздүү. Циклопентан катализатордун катышуусунда суутек молекуласын кошуп алып, пентанга айланат. Циклогександы жана анын гомологдорун катализатордун катышуусунда ысытканда суутек молекуласы бөлүнүп, ароматтуу углеводороддор пайда болот. Алициклдүү бирикмелер табиятта түрдүү органикалык заттардын курамында кездешет. Айрыкча циклогексан жана анын туундулары көп таралган. Алициклдүү бирикмелер жасалма була алууда аралык зат жана ракета учурууда күйүүчү зат (отун) катары колдонулат.