АЛИЕВ Гейдар

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛИЕВ Гейдар Али Рза Оглы (10. 5. 1923, Нахичеван шаары ‒ 12. 12. 2003, Кливленд, АКШ) ‒ саясий жана мамлекеттик ишмер, Азербайжан Республикасынын Президенти (1993‒2003), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1979, 1983). Азербайжан мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1941‒49-жылдары мамлекеттик коопсуздук органдарында жана Нахичеван АССР Министрлер Советинде жооптуу кызматтарда, 1950‒64-жылдарда Азербайжан ССРинин Ички иштер министрлигинде жана Министрлер Советине караштуу мамлекеттик коопсуздук комитетинде жетекчи кызматта, 1964‒67-жылдары Азербайжан ССР Министрлер Советине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, 1967-жылдан төрагасы. 1969‒82-жылдары Азербайжан КП БКнын биринчи секретары, 1982‒87-жылдарда СССР Министрлер Советинин төрагасынын 1-орун басары, 1991‒93-жылдарда Нахичеван Автономиялуу Республикасынын Жогорку межлисинин төрагасы, 1993-жылдан эгемендүү Азербайжан Республикасынын Жогорку Советинин төрагасы, Президенти болуп иштеген. Алиев президенттик кызматты аркалаган учурда ички саясий стабилдүүлүккө жетишип, чет элдик инвестициялардын келишин камсыздаган жана өлкөдө экономикалык өнүгүү үчүн жагымдуу кырдаал түзүлгөн. Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.