АЛЖИР 1

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎Маданияты.: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЖИР (Алжир шаарынын атынан; ар. Эль-Жазаир, Аль-Жазаир), А л ж и р Э л д и к Д е м о к р а т и я л ы к Р е с п у б л и к а с ы (ар. Аль-Жумхурия аль-Жазаирия Демократия аш-Шаабия) ‒ Түндүк Африкадагы мамлекет.

АЛЖИР56.png

Түндүгүнөн Жер Ортолук деӊизи менен чулганып, батышынан Марокко, Батыш Сахара, түштүк-чыгышынан Нигер, түштүк-батышынан Мали, Мавритания, чыгышынан Ливия жана Тунис мамлекеттери менен чектешет. Аянты 2381,7 миӊ км2. Калкы 38,1 млн (2014). Борбору ‒ Алжир шаарынын акча бирдиги ‒ Алжир динары. Административдик жактан 48 вилайяга (административдик аймак бирдик) бөлүнөт.
Мамлекеттик түзүлүшү. Алжир ‒ унитардык мамлекет. Конституциясы 28. 11. 1996-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы ‒ аралаш (президенттик-парламенттик) республика. Мамлекет жана аткаруу бийлик башчысы ‒ президент. Президент түздөн-түз жалпы элдик шайлоодо 5 жылга шайланат. Президент өлкөнүн ички-тышкы саясатын аныктайт, министрлер Советин жетектейт жана куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болуп саналат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин органы кош палаталуу парламент. Төмөнкү палатасы ‒ Улуттук элдик чогулуш 380 депутаттан турат (5 жылга шайланат). Жогорку палатасы ‒ улуттар Совети 114 депутаттан турат жана ар бир 3 жылда жарымы жаӊыланат. Улуттар Советинин курамынын үчтөн экиси 6 жылдык мөөнөткө атайын шайлоо органдары ‒ вилай (облустар) жана даир (коммуналар) тарабынан шайланат, үчтөн бири президент тарабынан дайындалат. Аткаруу бийлигин өкмөт ишке ашырат, премьер-министр президент тарабынан дайындалат. Калган министрлерди премьер-министрдин сунушу менен президент дайындайт. Өкмөт Улуттук элдик чогулуштун алдында жоопкерчиликтүү. Саясий партиялары: Улуттук демократиялык биримдик, Улуттук боштондук фронт партиясы, Демократиялык жана социалдык кыймыл партиясы, Демократия жана маданият үчүн биримдик партиясы ж. б.

Табияты.


Алжир Атлас тоолорунун борбордук бөлүгүн, Сахара чөлүн ээлейт. Жер Ортолук деӊиз жээги субтропиктик, калган бөлүгү тропиктик алкактарда жатат. Өлкөнүн түндүгүндө Бийик плато менен бөлүнгөн бири-бирине жарыш жаткан бийик кырка тоолор Телль-Атлас жана Сахара Атласы, ошондой эле Варсенис (бийикт. 1985 м), Чоӊ жана Кичи Кабилия (1200 мге чейин), Ходна (1863 м), Орес (2326 м) өӊдүү тоо массивдери орун алган. Алар тереӊ кууш капчыгайлар менен бөлүнгөн. Сахара Атласынан түштүк тарапта дүйнө жүзүндөгү эӊ чоӊ чөл ‒ Сахара (өлкөнүн 4/5 бөлүгүн ээлейт) жатат. Ал кумдуу (эрг) Чоӊ Батыш Эрг, Чоӊ Чыгыш Эрг, Эрг-Игиди, Эрг-Шеш жана таштуу (хамада) чөлдөрдү (Эль-Эглаб платосу, Тадемаит, Тингерт, Танезруфт ж. б.) камтыйт. Алжир Сахарасынын түндүк-чыгышында кумга толгон ойдуӊ жана туздуу Шот-Мельгир көлүнүн чуӊкурдугу (деӊиз деӊгээлинен 26 м төмөн) жайгашкан. Алжир Сахарасынын көтөрүӊкү түштүк-чыгыш бөлүгүн Ахаггар тайпак тоосу (бийиктиги 2906 м, Тахат чокусу, Алжирдин эӊ бийик жери) ээлеп, ал платолор менен курчалган. Тектоникалык жактан Атлас тоолору Жер Ортолук деӊиз геосинклиналдык алкагына, ал эми Сахара аймагы байыркы Африка платформасына таандык. Алжирдин маанилүү байлыктары нефть, газ, темир, коргошун, фосфорит, сымап, уран, алтын, калай, вольфрам, фосфор, барий ж. б.
Түндүк Алжирде субтропиктик, жер ортолук деӊиздик климат үстөмдүк кылат. Кышы жылуу, жаан-чачындуу, жайы кургакчыл, ысык. Январдын орточо температурасы жээктеринде 12°С, тоо аралык түздүктөрдө 5°С, июлдуку 25°С. Жыл-

Атлас тоолору.

дык орточо жаан-чачыны түндүгүндө, тоолордо 1200 ммге чейин (Кабилия), Телль-Атласта 400‒800 мм, тоо аралык ойдуӊдарда 200‒400 мм жаайт. Кышында тоо чокуларында кар 10‒20 күн гана жатат. Алжирдик Сахара өтмө зонада климаты кургакчыл, жарым чөлдүү (июлдун орточо температурасы 32‒36°С, жылдык жаан-чачыны 200‒400 мм). Сахарада тропиктик чөл, өтө кургак климат өкүм сүрөт; жылдык жаан-чачыны 50 мм, айрым жылдары жаан-чачын жаабай да калат. Температуранын суткалык өзгөрүүсү 20°Сден ашык (жайында күндүз 40°Сден жогору, түн ичинде 20°С, кышында күндүз 20°С, түн ичинде 0°С жана андан төмөн). Кургак шамал кумдуу бороонду пайда кылат. Алжирде нөшөр жамгырда пайда болуп, кайра соолуп калуучу ‒ уэддер (өзөндөр) мүнөздүү. Эӊ ири дарыясы ‒ Шелиф (уз. 700 км), калган уэддер 100 кмден (Эль-Хамман, Иссер, Суммам, Эль-Кабир ж. б.) ашпайт. Түндүгүндөгү уэддерге плотиналар, суу сактагычтар, ГЭСтер курулган. Тоо аралык

Сахара. Алжир оазисиндеги курма пальмалары.

өрөөндөрдө туздуу көлдөр (Шотт-эш-Шерги, Шотт-эль-Ходна, Захрез-Шерги, Захрез-Гарби, Шотт-Мельгир ж. б.) арбын. Ири оазистерде (Тидикельт, Туггурт, Эль-Гома) жер астындагы суунун запасы мол. Түндүк Алжирге күрөӊ, себхалардын айланасында шор жерлер, Телль-Атласта карбонаттуу, Сахарага тропиктик чөлдүн кум-шагылдуу жана кумдуу топурактар мүнөздүү. Жээк бөлүгүн жер ортолук деӊиз тибиндеги бадал аралаш катуу жалбырактуу токой ээлейт. Тоолоруна бийиктик алкактуулук мүнөздүү: 400‒500 мге чейин дайыма жашыл бадалдар, жапыз дарактар (маквис), маданий өсүмдүктөр (зайтун багы, мисте), андан жогору тыгын жана дайыма жашыл эмен, жалбырагы күбүлмө токойлору; 1200‒1500 м бийиктикте алеп кызыл карагайы, 1500‒2000 мде арча, туя, 2000 мден жогору кедр токою. Бийик платодо чөп өсүмдүктөрү (ак кылкан, шыбак, дрок ж. б.) басымдуу. Сахара өсүмдүктөргө жарды, негизинен бир жылдык өсүмдүктөр ‒ эфемер, баялыштар өсөт. Көп жылдык чөп өсүмдүктөрү, тикендүү бадалдар жана бадалчалар, кыртыш суулары жер бетине жакын жаткан жерлерде гана кездешет.

Калкы


Калкынын көбүн (73%ин) арабдар түзөт. Алар негизинен алжирликтер, ошондой эле марокколуктар, египеттиктер жана ирактыктар. 26%и берберлер; мзаб, туарег, француз (0,1%тен ашык) ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 13,5 киши. Телль-Атластын этектеринде, кууш жээк тилкесинде өлкөнүн калкынын 93%ке жакыны жашайт; 1 км2 жерге 300 адамга чейин жетет, тоолордо жана бийик платодо 50, Сахарада 1 адамдан туура келет. Ислам (98% мусулман-сүнөттөр), христиан динин (католик чиркөөсүнө сыйынат) тутат. Расмий тили ‒ араб, ошондой эле бербер, француз тилдерин да колдонушат. Эркектер калкынын 50,5%ин түзөт. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники ‒ 70,1, аялдарыныкы ‒ 78,7 жаш. Шаар калкы 58% (2002). Ири шаарлары: Алжир, Оран, Константина, Аннаба, Сетиф, Батна, Бискра ж. б.

Тарыхы.

Алжирдин аймагынан табылган төмөнкү жана ортонку палеолитке таандык эстеликтер бул жерде алгачкы адамдар мындан 300‒400 миӊ жыл мурда эле жашагандыгынан кабар берет. Б. з. ч. 12-кылымда Алжирдин жээктеринде байыркы ливия уруктары (азыркы берберлердин ата-бабалары) жашап турган мезгилде мында алгачкы финикия колониялары пайда болуп, алар Карфагендин айланасына биригишкен. Б. з. ч. 3-кылымда ливиялыктар азыркы Алжирдин түндүк бөлүгүндө массил жана массесил уруу союздарын түзүшкөн. Массилдердин уруу башчысы Масинисса б. з. ч. 201-ж. эки уруу союзун бириктирип, Нумидия падышалыгын негиздейт. Анын жана анын мураскерлеринин тушунда соода, шаар куруу жана маданият гүлдөп өнүккөн. Б. з. ч. 146-ж. Нумидия Римге көзкаранды абалда калган. Б. з. ч. 117-ж. Масиниссанын небереси Югурта бийликке келип, римдиктерге каршы күрөш жүргүзгөн. Бул күрөш Югуртин согушуна (б. з. ч. 111‒105) алып келген жана анын жыйынтыгында Нумидиянын чыгышы римдик Африка провинциясына, борбору жана батышы Цезарей Мавританиясына караган.

АЛЖИР59.png

429-ж. түндүк Сахарадагы көчмөн бербер уруулары тарабынан жардамга чакырылган Испаниядагы герман-вандал уруулары Түндүк Африкага келип түшүшкөн. Римдиктерди талкалоо менен алар бул жерде борбору Карфаген шаары (439) болгон өз мамлекетин негиздешкен. Ал эми 534-ж. вандалдар византиялыктар тарабынан талкаланган. Византиялыктар Алжирдин жээктерин гана ээлешип, ички аймактарда жергиликтүү бербер уруу башчылары башкарган. Алардын эӊ ириси ‒ бербер-христиан Масуна тарабынан негизделген Жедар падышалыгы болгон. Ошол мезгилдеги жазмаларда ал «мавр урууларынын жана римдиктердин падышасы» (маврлар деп римдиктер, аларга чейин гректер жана финикиялыктар берберлер менен африкалыктарды, кийин жалпы эле арабдарды жана мусулмандарды аташкан) деп аталган. 664‒702-ж. азыркы Алжирдин аймагы арабдар тарабынан басып алынган жана Омеяддар халифатынын курамына киргизилген. Араб басып алуулары берберлер жана пунилердин ислам динин кабыл алышына жана араб тилинин таралышына алып келген. 10-кылымда Алжир бардык эле Магриб өлкөлөрү сыяктуу Фатимиддердин курамына кирген. Фатимиддер Египетке кеткенден (973) кийин бийлик Зириддерге (973‒1148) өткөн. 11-к-дын башынан 12-кылымдын ортосуна чейин Алжирде Зириддерден бөлүнүп чыккан Хамадилер династиясы башкарган. 1062-ж. чыгыштан көп сандаган араб урууларынын (бану хилал жана бану сулайм) басып кирүүсү жергиликтүү элдердин арабдашуу процессин тездеткен. Өлкөнүн батыш бөлүгүн Альморавиддер, кийин Альмохаддар (1152‒1235) ээлеп, алардын бийлиги бүткүл Алжирге таркаган. 13-кылымда Альмохаддардын бийлигинин кулашы феодалдык бытырандылыкка алып келген. Алжирдин аймагында бир нече мамлекеттер түзүлгөн, алардын ичинен күчтүүсү Зайяниддер мамлекети (1235‒1551) болгон. 13‒17-кылымда арабдашуу процесси менен катар эле Реконкистанын жүрүшүндө Испаниядан куулган маврлардын Алжирге иммиграциясы башталган. 16-кылымдын башында Магрибдин жээктерине испандыктар келишкен жана 1509‒1510-ж. алар Алжирдин жээктериндеги бир нече шаарларды ээлешкен. Жергиликтүү башкаруучулар жардам сурап корсар Оружуга кайрылууга аргасыз болушкан. Оружу испандыктарды кыйраткандан кийин Алжирдин башкаруучусун өлтүрүп, бийликти ээлеп алган. Анын өлүмүнөн кийин (1518) бийликти анын бир тууганы Хайраддин Барбаросса ээлеп, ал өзүн осмон султанынын вассалы деп жарыялап, султандан бейлербей титулун, согуштук кемелерди жана замбиректерди алат. 1533-ж. Хайраддин Осмон империясынын флотунун башчысы (капудан-паша) болуп дайындалып, испаниялык жана венециялык флотторго каршы согушту жетектейт. Алжирдин флоту андан ары Испания, Сицилияны, Мальта, Корсика жээктерин, Генуя жана Барселона шаарларын талап-тоногон. 1541-ж. император Карл V Габсбургдун Алжирди курчоосу ийгиликсиз аяктаган. 1551-ж. бейлербей Хасан ‒ паша испандыктарга баш ийген Зайяниддерди кулатып, Алжирди өз ээликтерине бириктирет. 16-кылымдын экинчи жарымында Алжир Осмон империясынын провинциясына (пашалыгына) айландырылып, 1568-жылдан бейлербийлерди Стамбулдан дайындалуучу пашалар алмаштырат. 1671-жылдан жергиликтүү башкаруучулар тарабынан дайындалган дейлер (түркчө «дайы» ‒ ага) пашалар менен бийликти формалдуу түрдө гана бөлүшүп келишкен. 1711-ж. Дей Баба Али Шауш түрк пашасын өлкөдөн кууп чыгып, султанга салык төлөөдөн баш тарткан. Европа мамлекеттери де-факто Алжирдин көз каранды эместигин таанышкан. 1628-ж. Франция, 1662-ж. Англия, 1680-ж. Голландия Алжир менен келишимдерди түзүшкөн. Алжир узак убакыт бою каракчылыктан чоӊ кирешелерди алып турган. 17-кылымдын башында эле ортомчу монахтардын жардамы менен Алжирден 37720 европалык туткундар сатылып алынган. 18-кылымдын башында согуштук кемелердин жана янычарлардын азаюусу дейлер мамлекетин алсыраткан. 14. 6. 1830-ж. Алжирдин жээктерине француз эскадрасы келип түшүп, 5-июлда өлкөнүн борбору ‒ Алжир шаарынан ээлешет. Дей Хусейн жеӊилгендигин билдирип өлкөдөн чыгып кеткен. Алжирде эмир Абд аль Кадир жетектеген француздарга каршы күрөш башталган. Эмир жеӊилгенден кийин да күрөш улантыла берген. 1834-жылдан Алжир Франциянын колониясына айланган. Француз өкмөтү Алжирге француздардын гана эмес башка европалыктардын да келип отурукташуусун колдоого алган. 1847-ж. мында 110 миӊ европалыктар (1911-ж. 752 миӊ), анын ичинде 47 миӊ француздар, ошондой эле испандар, италяндар, немецтер ж. б. жашашкан. Колонисттер мол түшүмдүү жерлерди ээлешип, жергиликтүү калк тоолуу жана чөлдүү аймактарга көчүрүлгөн. 19-кылымдын аягы ‒ 20-кылымдын башында түзүлгөн жаш алжирликтер кыймылы боштондукка чыгуунун жолун француздар менен ассимиляциялануудан көрүшкөн, ал эми традиционалисттер француз өкмөтүнө кызмат кылуудан баш тартуу, «ислам мыйзамдарын жана салттарын» сактоо талаптары менен чыгышкан. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда традиционалисттер Осмон империясын колдоп чыгышкан, ал эми жаш түрктөр болсо Францияны колдошкон. Согушка катышкан француз армиясынын катарындагы 173 миӊ алжирликтин 25 миӊи курман болгон, 120 миӊ киши Францияга коргонуу курулуштарына алынып кеткен. Айрым аймактарда мобилизацияга куралдуу каршылык көрсөтүү аракеттери болуп өткөн. 1920-жылдан алжирликтердин укугу үчүн күрөштү Абд аль Кадирдин небереси Халид жетектеген. Европадагы революциялык идеяларды алышкан алжирликтер Алжирге кайтып келишкен соӊ саясий партияларды негиздешкен. 1920-ж. коммунисттер секциясы (1936-жылдан Алжир коммунисттик партиясы), 1926-ж. «Түндүк африкалык жылдыз» улуттук-революциялык уюму түзүлгөн. Бул уюм 1937-ж. Алжир элинин Партиясына айланган. 1931-ж. түзүлгөн Алжир улемдер ассоциациясы «А. ‒ менин мекеним, ислам ‒ менин диним, араб ‒ менин тилим» урааны астында улуттук өз алдынчалык үчүн күрөшкө чыгышкан. Францияда Элдик фронттун жеӊиши алжирликтерге айрым саясий укуктарды берген. Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында А-де саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. 1940-жылдын июнундагы Франциянын капитуляцияланышынан кийин А. Германия жана Италия үчүн тамак-аш жана сырье булагына айландырылган. 1942-ж. ноябрда А-ге АКШ жана Англиянын аскерлери түшүрүлгөн. Жүз миӊдеген алжирликтер француз армиясынын катарында Тунис, Италия, Франция, Германияда фашисттерге каршы күрөшүшкөн. 1943-ж. патриоттор тарабынан түзүлгөн Манифестте алжирликтер европалыктардын артыкчылыктарын жоюу, алжирликтерди өлкөнү башкарууга катыштыруу жана Уюштуруу чогулушун чакыруу таламдары менен кайрылышкан. 1945-ж. башталган колонисттеге каршы көтөрүлүштү басуу убагында 40 миӊ алжирлик курман болгон. 1947-ж. француздар тарабынан сунушталган жаӊы мыйзам (статус) иш жүзүндө колониалдык режимди сактап калган. Өлкөнүн тоолуу аймактарында жашыруун партизандык топтор аракеттене баштаган. 1954-ж. түзүлгөн А-ди Боштондукка Чыгаруу Фронту 1-ноябрда көтөрүлүш баштап, бул 1954‒62-ж. улуттук рев-янын башталышына алып келген. Анын жүрүшүндө А. мамлекетинин жогорку саясий-адм. органы ‒ Алжир рев-ясынын улуттук Совети түзүлгөн. Бирок Франциянын согуштук жактан артыкчылыгы согуштун узакка созулуп кетүүсүнө алып келип, 1 млнго жакын алжирлик курман болгон, 2 млнго жакыны түрмөлөргө камалган, 9 миӊ айыл-кыштактар талкаланган. Бирок алжирликтердин каршылыгынын улануусу, БУУнун кысымы жана 1959-ж. сентябрда Франциянын президенти Шарл де Голль тарабынан алжирликтердин өз алдынчалуулук укугунун таанылышынан кийин, Франция Улуттук Боштондук Фронту (УБФ) менен сүйлөшүүлөрдү баштаган. Сүйлөшүүлөр ок атууну токтотуу жана А-ге өз алдынчалыкты берүүнү шарттаган Эвиан келишимдерине кол коюу менен аяктаган (1962). 1. 7. 1962-ж. референдумдун жыйынтыгында А. көз каранды эмес мамлекетке айланган. 1962-ж. 25-сентябрда Уюштуруу чогулушу Алжир Элдик Демократиялык Респ-нын (АЭДР) түзүлгөндүгүн жарыялаган жана Бен Белла башында турган өкмөттүн курамын бекиткен. Өлкөдөгү оор экон. абал жана Бен Белланын кетирген катачылыктары 19. 6. 1965-ж. төӊкөрүшкө алып келип, бийликке Х. Бумедьен жетектеген Рев-ялык Совет келген. 1966‒74-ж. анын өкмөтү бардык чет элдик ишканаларды мамлекеттештирип, агрардык реформа жүргүзүлгөн. Өлкөдө 6 миӊ кооператив, 660 ири өнөр жай ишканалары курулган, билим берүү системасына зор көӊүл бурулган. 1976-ж. АЭДРдин жаӊы конституциясы жана Улуттук хартия кабыл алынган. Президент Ш. Бенжедид (1979‒92) мезгилинде нефтиден түшкөн кирешелердин азаюусуна байланыш туу өлкөнүн социалдык.-экон. абалы начарлаган. Өлкөдө исламисттик ж. б. коомдук-саясий агымдар күч алган. 1989-ж. көп партиялуулукка уруксат берилген жаӊы конституция кабыл алынган. Жаӊыдан түзүлгөн Исламды сактап калуу фронту (ИСФ) партиясы таасирдүү күчкө айланып, 1991-ж. парламентке болгон шайлоонун 1-турунда ишенимдүү жеӊишке жетишкен. Алар А-ди «ислам мамлекетине» айландыруу идеясын таркатышкан. 1992-ж. Ш. Бенжедид отставкага кеткен. Анын ордуна бийликке келген Жогорку мамл. совет шайлоолордун экинчи турун жокко чыгарган. Өлкөдө абал армиянын көзөмөлүнө өткөн, ага жооп кылып ИСФ согушчандары террордук аракеттерди башташкан. А-де граждандык согуш башталган. 1992‒97-ж. эле 400 миӊ алжирликтер Европага кетүүгө аргасыз болгон. Согуштун жүрүшүндө 1998-жылга карата 100 миӊ киши өлтүрүлгөн. ИСФтин 20 миӊден ашык мүчөсү камакка алынган. Жогорку мамлекеттик советтин башчысы генерал Л. Зеруаль 1993-ж. исламисттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. 1996-ж. өткөрүлгөн жалпы элдик референдум АЭДРдин жаӊы конституциясын кабыл алып, президенттик республика түзүлгөн. 1999-жылдагы шайлоодо жеӊишке жетишкен АЭДРдин президенти Абд аль Азиз Бутефлик А-деги ок атууну токтотуу жана өлкөдө социалдык-экон. абалды жакшыртуу аракеттерин жасаган. 2002-ж. өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо 23 партия катышып, эӊ көп добушту Улуттук Боштондук фронту жеӊип алган. Бутефликтин 5 жылдык экономиканы калыбына келтирүү планында 150 миллиард долларга жакын инвестиция, 1 миллион турак жайдын курулушу, тышкы карыздын жоюлушу жана 2005-ж. чейин 30%тен ашкан жумушсуздуктун кыскарышы каралган. Бул Кытайдын мамл. корпорацияларынын Алжир рынокторуна киришине шарт түзгөн, алар 2004-жылдан курулуш тармагында, анын ичинде Скикдеги маанилүү мунай иштетүүчү заводду реконструкциялоо б-ча негизги келишимдердин көбүн алган. 2005-ж. февралда Франция тарабынан «Улутту таануу жана анын француздук патриотторду колдоого кошкон салымы жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы француз-алжир мамилелеринин ортосунда кризисти күчөтүп, «терроризмге, уюшкан кылмыштуулукка, баңги соодасына, мыйзамсыз автотранспортко жана подполье эмиграциясына каршы биргелешип күрөшүү жөнүндө» келишимге кол коюшса да, даярдалып жаткан достук келишиминен баш тарткан. Сентябрь айында элдик референдум бейөкмөт уюмдардын (атап айтканда, жарандык согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн өкүлдөрү болгон Сумуд ассоциациясынын) каршылыгына карабастан, президенттин «Тынчтык жана ынтымак хартиясын» бекитти (расмий маалыматтар б-ча 97% добуш беришкен), анда куралдуу күрөштү токтотуунун ордуна бандиттик түзүмдөрдүн мурдагы мүчөлөрүнө мунапыс жарыялоо каралган. 2006-жылдын февраль-сентябрь айларында Адам укуктары б-ча эл аралык федерация тарабынан сынга алынган «Хартия» күчүнө кирип, бирок октябрда эле «Жихад жана салафизмди үгүттөө тобунун» лидери Абу Мусаб Абдель-Вадуд (Абу Мусаб Друкдаль) «Аль-Каиданын» туусу астында «АКШ менен Батыш өлкөлөрүнө каршы узак мөөнөттүү согуш» баштоо ж-дө билдирген. Ноябрь-декабрь айларында бүткүл өлкөнү экстремисттик зомбулуктун жаңы толкуну каптаган. 2007-ж. А. Кытай, АКШ, Франция жана Аргентина менен ядролук куралдарды жайылтпоо, тынчтык максатта атомдук энергетика тармагында кызматташуу б-ча бир нече келишимдерге кол койгон. 2008-жылдын январынан экстремисттердин чабуулдары азайганы менен өлкөдөгү абал оор бойдон калган. Июнда А. А. Белхадемдин ордуна А. Уяхья премьер-министр болуп дайындалган. 2008-ж. ноябрда парламенттик шайлоодо конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген. Бул Бутефликке 2009-жылдын апрелинде көпчүлүк добуш менен кайра шайланууга мүмкүндүк берип, 3 млн жумушчу орундарын түзүү, мамл. секторду жана инфраструктураны модернизациялоо б-ча масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу программасын иштеп чыккан. Өлкөгө кытайлык миңдеген жумушчулардын жана адистердин агылып келиши алжирлик жаштардын арасында нааразылыкты туудурган. Өлкөдө бюрократия, коррупция жана экстремизмдин күчөшү 2010-жылдын декабрында социалдык жарылууну жаратып, Тунистеги 2-«Жасмин революциясынын» чыгышына түрткү берген. 2011-ж. январда  Алжирде массалык демонстрациялар башталып (адегенде борбордо, андан кийин аймактарда), кыска мөөнөттүү камакка алуулар менен коштолгон. 2011-жылдын 24-февралында президент өлкөдөгү 19 жылдык өзгөчө абалды алып салуу, жумушсуздук менен күрөшүү, басма сөз эркиндигин кеңейтүү ж. б. мыйзамдарды кабыл алган. 2012-жылдын 10-майындагы парламенттик шайлоолордон кийин парламенттеги орундардын басымдуу бөлүгүн Улуттук боштондук фронт жана Улуттук демократиялык союздун өкмөтчүл коалициясы сактап калган. 2014-ж. апрелде Бутефлик 4-мөөнөткө шайланган. 2019-жылдын 2-апрелинде Бутефлик бешинчи мөөнөткө талапкерлигин койгон, бирок ага каршы массалык нааразылык акцияларынан кийин президенттиктен кеткен. 2019-жылдын декабрында Абдельмажид Теббун Алжирдин президенти болуп шайланган. 2020-жылдын 1-ноябрында жалпы элдик референдумда өлкөнүн баш мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген, анда президент  эки мөөнөткө шайланып, ыйгарым укуктары кыскартылган.

Экономикасы.


Алжир ‒ нефть-газ жана тоо-кен өнөр жайы өнүккөн агрардык өлкө. Ички дүӊ продукциясынын 56,5% өнөр жайына жана курулушка, 33,4% тейлөө чөйрөсүнө, 10,1%и а. ч-га таандык. Ички дүӊ продукциясынын көлөмү 552,6 млрд долларды түзгөн, аны киши башына бөлүштүргөндө 14,3 миӊ доллардан (АКШ; 2014) туура келет. Экономиканын негизин тоо-кен казуу өнөр жайы түзүп, 1967-жылдан мамлекеттик компания «СОНАРЕМ», нефть-газ сектору «СОНАТРАК» тарабынан көзөмөлдөнөт. Нефть казып алуу боюнча Африкада Нигерия, Ливия, жаратылыш газы боюнча дүйнөдө Россия, АКШдан кийин 3-орунда турат. Сыртка сатылган нефть мамл. бюджетке кирешенин 2/3син жана сырттан түшкөн валютанын 95%ин түзөт. Нефтинин запасы 1 млрд т, газдыкы 3000 млрд м3дай. 2000-ж. 32 млн т нефть (72% Европалык Союзга кирген өлкөлөргө, 17% Түн. Америкага), 62 млрд м3 газ экспорттолгон. Алжирге Африкада өндүрүлгөн темирдин 2,8% туура келип, анын 40‒50%и экспортко чыгарылат. Ошондой эле таш көмүр, түстүү металлдар (цинк, коргошун, күмүш, жез, сурьма ж. б.), уран, вольфрам ж. б. өндүрүлөт. Сымап өндүрүү боюнча дүйнөдө Кыргызстандын, Испаниядан кийин 3-, экспорттоо б-ча 4-орунда турат. Жылуулук электрстанциялары басымдуу, алар мазут менен табигый газда иштейт. 2007-ж. 35 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. 1993-ж. Айн-Усеры шаарына жакын атом реактору (кубаттуулугу 15 м Вт) ишке киргизилген. Кара (жылына 1,8 млн т болот өндүрүлөт) жана түстүү металлургия (Газаветте ‒ цинк, Аззаб шаарында сымап), нефть ажыратуу (жылына 26,5 млн т чийки нефть иштетилет), машина куруу (оор жүк ташуучу автомобилдерди жана тракторлорду кураштыруу), «Пежо» автомобилинин кыймылдаткычын, автобус, экскаватор, вагон, темир жол жабдууларын, станок, электр-техникалык жана электроника, жер семирткич, текстиль (жергиликтүү пахтаны жана жүндү пайдаланат), кагаз, цемент, айнек, тыгын (пробка) сырьёсун өндүрүүчү өнөр жайлары иштейт. Тамак-аш (шарап, консерва, тамеки, ун, зайтун майы) өнөр жай ишканалары Түндүк Алжирдин ар бир шаарында бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем токуу, сайма саюу, карапа, фаянс идиштери, тиричиликке керектүү согулган жана жез буюмдар) өнүккөн. Жылына 2,7 миӊ м3 жыгач (негизинен Телль-Атлас тоолорунун алеп кызыл карагайыйы, атлас кедри токойлорунан) даярдалат. Өзгөчө тыгын эменинин мааниси зор, анткени 6‒8 жылда бир кабыгын сыйрып алып, андан дүйнөдөгү эӊ мыкты тыгын даярдалып, экспортко чыгарылат (Испания менен Португалиядан кийин 3-орунда). Алжирдин жер ресурстары чектелүү, айыл чарбага жарактуу жери өлкөнүн аймагынын 17%ин гана ээлейт; анын 80%и жайыт. Айыл чарбанын негизин дыйканчылык түзүп, агрардык продукциянын 3/4үн берет. Дыйканчылык негизинен деӊиз жээктеринде (Жер Ортолук деӊиз тибиндеги а.ч.), тоо этектеринде, тоо аралык өрөөндөрүндө өнүккөн. Кургакчыл аймактарга сугат дыйканчылыгы мүнөздүү; жашылча-жемиш өстүрүлөт. Айдоо аянтынын көпчүлүгүн 4/5 бөлүгүн дан эгиндери ‒ буудай, арпа, жүгөрү, ак жүгөрү (сорго), сулу ээлейт. Цитрус өсүмдүктөрү, Сахара оазистеринде курма пальмасы, Кабилияда зайтун дарагы өстүрүлөт. Деӊиз жээктеринде жүзүмчүлүк өнүккөн. Айыл чарбанын экспорттук продукциясынын 60%ин шарап жана мейиз түзөт. Экспорт үчүн тамеки айдалат. Мал чарбасы тоюттун жетишсиздигинен начар өнүгүп, калктын эт, сүткө болгон керектөөсүн канааттандыра албайт. Ошондой болсо да Сахара чөлүндө, Бийик платодо жана ички түздүктөрдө, бөксө тоолордо жарым көчмөн, көчмөн мал чарбасы элдин жалгыз тиричилик кылуу каражаты болуп саналат. 2000-ж. 245 миӊ төө, 3,2 млн эчки, 17,5 млн кой, 1,6 бодо мал, 44 миӊ жылкы, 110 млн үй кушу, 43 миӊ качыр болгон. Жер Ортолук деӊиз балыкка (анчоус, сельдь, скумбрия, креветка, кальмар ж. б.) бай, жылына 100‒110 миӊ т балык кармалат. Өзгөчө тыгын (пробка) эменинин ролу зор. Жылына 300‒600 миӊ т тыгын сырьёсу даярдалат. Сырьё иштетилгенден кийин экспортко жөнөтүлөт. Альфа чөбү жылына 90‒100 миӊ т даярдалып (дүйнөдө 1-орунда), кагаздын, целлюлозанын мыкты сортторун чыгарууга жумшалат. Автомобиль жолунун узундугу 108,3 миӊ км (анын ичинде асфальтталганы 71,7 миӊ км). Темир жолунун узундугу 4 миӊ км (анын ичинде 283 км электрлештирилген). Алжир ‒ Лагос транссахара автомобиль магистралынын мааниси зор. Порт инфраструктурасы жакшы өнүккөн. Башкы порттору: Алжир, Аннаба, Арзев, Скикда, Оран, Мостаганем, Бежая. Соода флотунун тоннажы 838 миӊ рег. бр.т (930 миӊ т дедвейт). Жалпы куур транспортунун уз. 27,1 миӊ км (анын ичинде чийки нефтиники 6612 км, нефть продукциясыныкы 298 км, жаратылыш газыныкы 14,6 миӊ км). Эки газ кууру аркылуу Европага (Италияга 24 млрд м3; Испания менен Португалияга 8,5 млрд м3) газ экспорттолот. Алжир аркылуу Батыш Европаны Африка менен байланыштыруучу эл аралык авиа жолдорунун бардыгы өтөт. Өлкөнүн борборунда эл аралык Дар-эль-Бейда аэропорту иштейт. Сыртка нефть, суюлтулган газ, нефть продукциясы, темир, фосфорит, сымап, шарап жана суусундуктар, жемиш жана эрте бышчу жашылчалар, зайтун майын, тамеки, альфа сырьёсу, тыгын, мал (тирүүлөй), жүн, килем чыгарат. Сырттан машина жана машина жабдууларын, металл буюмдарын, транспорт каражаттарын, тиричилик товарларын алат. Негизги сырткы соода шериктери: Франция, Италия, Испания, Германия (2003).

Маданияты.


Алжирдин билим берүү жана эл агартуу системасы мектепке чейинки (бала бакча), башталгыч жана орто мектептерди, кесиптик-техникалык окуу жайын, тармактуу университетти жана анын борборлорун, жогорку улуттук мектептерди жана интернаттарды камтыйт жана аларды эл агартуу министрлиги көзөмөлдөйт. Жогорку билим алуу жана илим изилдөө иштери Алжир жогорку билим берүү жана илим-изилдөө иштери боюнча министрлигине таандык. Алжирде жалпы билим берүү (9-жылдык) акысыз жүргүзүлөт. Толук орто билим алуу 13 жылга созулуп, бакалавр күбөлүгү берилет. Аны менен ЖОЖго тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат. Алжирде 7 ун-т жана 170ке жакын ЖОЖ бар. Ирилери: Алжир университети (1879), Х. Бумедьен табигый илимдер жана технология университети (1974), Оран унив-ти (1986), Константин унив-ти (1969), Ислам унив-ти (1984), Бумердесте СССРдин жардамы менен нефть-газ, текстиль тармактары үчүн техникумдар жана ЖОЖ (1986), Аннабады тоокен, металлургия өнөр жайы үчүн унив-т (1975) ж. б. Эль-Харрашта жогорку ветеринария мектеби ачылган. Ири илим-изилдөө мекемелери: Пастер ин-ту (1910), ядро изилдөө ин-ту (1966), Гёте (1963) ин-ту ж. б. Ири китепканалары: улуттук (1835) жана А. ун-тинин китепканасы (1880). Башкы музейлери: улуттук эзелкилер музейи (1897), Алжир улуттук музейи (1930), этнографиялык музейи (Бардо вилласы, 1930), революция музейи (1983).
Алжирде 30дан ашык гезит араб жана француз тилдеринде чыгат. Эӊ негизги араб тилиндеги гезиттери: «Аль-Ватен», «Аль-Яум», «Аль-Хабар»; француз тилинде «Уl Moudjahid», «Matin». Ошондой эле бербер тилинде «Ассалу», англис тилинде «North African jornal» гезиттери чыгат. Алжирде «Альжери пресс сервис» (1961), 1999-жылдан «Ажанс альжерен д'энформасьон» (жеке менчик) маалымат агентчиликтери иштейт. Телекөрсөтүүнү жана радиоуктурууну «Радио-телевизьон альжерьен» компаниясы көзөмөлдөйт. Бардык мамлекттик телекөрсөтүүлөр араб тилинде көргөзүлөт. Радиоуктуруу араб, бербер жана француз тилинде уктурулат. Алжирдин адабияты араб, бербер жана француз тилинде өнүгүп келген. 8‒9-кылымдан тартып, адабиятты Алжирдин аймагындагы жайгашкан мамлекеттердин араб классикалык каада-салттын негизинде өнүккөн. Араб тилиндеги жаӊы адабияты 20-кылымга таандык болуп, Мухаммед Бен Шенеба, Абд аль-Хамида Бен Бадистин ысымдары менен байланыштуу. 19-кылымдын 2-жарымынан Муфди Закария (улуттук гимндин автору, 1955) жана Мухаммед аль-Ид учурдагы поэзияны негиздөөчүлөрдөн. 20-кылымдын башында Алжирде драматургия («Жеха» Аллалу и Дахмуна, 1926) калыптана баштаган. Проза 2-дүйнөлүк согуштан кийин калыптанган. 1950‒60-ж. улуттук-боштондук согуш жана социал. прогресс үчүн (Ахмед Рида-Хуху, Ахмед Ашур, Зухур аль-Ваниси, Абд аль-Мажид аш-Шафии, Ханафи Бениса, Фадиль Масуди) болгон күрөш араб-мусулмандары менен батыштын мад-тынын кагылышуусуна (Абд аль-Хамид Бенхедуга, ат-Тахир Ваттар) алып келген.
Бербер тилиндеги адабиятында көрүнүктүү орунду кабилдердин чыгармалары ээлейт. Поэзиясы улуттук боштондук кыймылды даӊктап ырдайт. Моханд-у-Мхандын чыгармалары кабил поэзиясынын туу чокусу болуп эсептелет.
Француз тилиндеги адабияты 1920‒30-ж. (Ж. Амруш негиздөөчү) толук калыптанып, М. Фераундун «Кедейдин уулу», 1950; «Жер жана кан», 1953 жана М. Маммеринин («Унутта калган дөбө», 1952; «Качан акыйкат уйкуда», 1954) романдарында берберлердин турмушу чагылдырылган. 1956-ж. Парижде Катеб Ясиндин «Неджма» романы чыккан. М. Хаддаддын романдары («Мен сага газель белек кылам», 1959; «Суу жээгиндеги гүлдөр унчукпайт», 1961) интеллигенциянын согуштагы ролун анализдейт. Поэзиянын (М. Хаддад, Катеб Ясин, М. Диб, Н. Тидафи, Н. Аба) негизги темасы душманга каршылык көрсөтүү жана аза күтүү. 1960‒70-ж. акындар (Х. Бельхальфауи, Ю. Себти, Т. Жаут) чыгармаларында эркиндик үчүн болгон күрөштү даӊктап ырдашкан. 1970-жылдын башында жаӊы муундар (Катеб Ясин, М. Диб, М. Маммери; кийинчерээк ‒ Р. Бужедра, Н.Фарес, Т. Жаут, Р. Мимуни) келип кошулушкан. Кийинчерээк аӊгеме жанры өнүгө баштайт. Пессимизм жана үмүтсүздүк пейилин жарандык согуштун башында Алжирде (1980-ж.) Р. Мимуни («Кайрылган дарыя», 1982) жана Т. Жаут («Сөөк чогултуучулар», 1984; «Чөл ачылышы» , 1987) чыгармаларында чагылдырган. 1990-ж. жазуучу, акындар терроризмди айыптаган чыгармаларын жаратышкан.
Алжирдин аймагында таштын бетине тартылган сүрөттөр неолит дооруна таандык үӊкүрлөрдө сакталып калган. Б. з. ч. 2‒1 миӊинчи жылдын аягында финикия колония искусствосу өнүгө баштаган. Б. з. ч. 7‒4-кылымда жана кийинчерээк Алжирдин маданияты Карфагендин маданиятынын таасиринде болгон. Б. з. ч. 3‒1-к-да Мавретания (Батыш А.) жана Нумидия (Чыгыш А.) тарыхый мамлекеттеринин искусствосу жергиликтүү бербер маданияты менен аралашып, карфаген жана грек элдеринин

Тимгаддагы Траяндын триумфалдык аркасы. 2-к-дын аягы.

курулуштарын тургузууга шарт түзгөн. Алар Сума аль-Круб мунарасы (б. з. ч. 3‒2-к.), Медрасен мавзолеи (б. з. ч. 3-к.) жана Мавретан падышаларынын бейиттери (б. з. ч. 2‒1-к.). Римдин Алжирди басып алышы менен байыркы грек жана Рим архитектурасы менен курулуш ыкмалары жайылтылган. Шаарларда (Жемила, Типаса, Тимгад, Константина) колонна түрүндөгү түз көчөлөрүндө храмдар, театрлар, триумфалдык аркалар, коомдук жылыткычтар жана турак жайлар курулган. Алар оймо-чийме жана скульптуралар менен

П. А. Эмери, Л. Микель. Бен-Акнун мектебинин имараты.

кооздолгон. Византия доорунда сепилдер, базилика, баптистериялар, мавзолейлер курулуп, Рим жана Византия мезгилинде Алжирде живопись, скульптура, көркөм кол өнөрчүлүк (айнек идиштер, карапа ж. б.) жогорку деӊгээлде өнүккөн. 7-кылымдын аягында мусулман маданияты таасир эткен. 12-кылымда өлкөнүн башкы көркөм борбору Тлемсен шаары эсептелген. Орто кылымда кууш ийри көчөлөр жана касбалуу (башкаруучунун Хан сарайы менен) шаарларына мечит, медресе, мончо, дворецтер ж. б. салынган. Шаарларында курулган үйлөрдүн чатыры жалпак болгон. Декоре архитектурасында сталактиттер көп колдонулуп, курулуштары кооздолуп (өсүмдүктүн сүрөтү, геометриялык орнамент менен каллиграфия) салынган. Осмон падышачылыгынын мезгилинде архитектура түрк зодчийлигин жана декорун колдонушуп, кездеме жана килем токууда гүл түшүрүлө баштаган. Карапа жана металл иштетүүдө араб, көчмөн калктын чыгармачылыгында жергиликтүү бербер урууларынын үрп-адаттары сакталган. Колония мезгилинде Алжирде француздар негиздеген форттор европалык типтеги шаарга чейин өсүшкөн. 20-кылымдын 1-жарымында Алжирдин архитектурасында негизги шаар курууда Ле Корбюзьенин (1930-ж. Алжир шаарынын пландоосунда комиссия мүчөсү) идеясы чечүүчү роль ойногон. 1881-ж. Алжир шаарында улуттук архитектура жана асем-өнөр мектебинин ачылышы Алжирди Европанын көркөм маданиятына тарткан (Мухаммед жана Омар Расим, Темам Ранем живописчилери). Көз каранды эмес Алжирде турак жайлар, мектептер, туристтик комплекстер курула баштаган. Бүгүнкү күндөгү архитектурасында негизги ролду сүрөт жана декоративдик-прикладдык искусство тармагы ойнойт. Буга живописчилер менен скульпторлорду бириктирген улуттук союз, Алжир шаарындагы көркөм жана декоративдик искусство мектеби, ошондой эле Орандагы көркөм искусство мектеби кирет. Алжирдин улуттук чыгармачылыгы ‒ гравюра, металлга оймо-чийме (сыялоо) түшүрүү, карапаны кооздоо, кездеме жана килемге орнамент түшүрүү, сайма саюу аркылуу берилет.
Алжирдин музыкасы байыркы Магриб мамлекетинин маданияты менен байланыштуу өнүккөн. Ал бербер, араб, иран жана андалус элинин каада-салты менен айырмаланат. Булардын ичинен көчмөн берберлердин музыкасы өзгөчөлөнөт. Алжирдин музыка маданиятында өзгөчө орунду суфия уруусунун (зикр үрп-адаты) музыкасы ээлеген. 20-кылымдын башында Европа мамлекеттеринен таасирленишип, Алжирдин музыкасы жаӊылана баштаган. Декламация жана консерватория (1920, Алжир ш.), муниципиалдык консерваториясы жана декламация музыкасы (1932, Оран), ошондой эле улуттук музыка институту (1962, Алжир ш.) ачылып, классикалык музыка ансамбли (Тлемсен), Улуттук бий ансамбли (1981, Алжир ш.) уюшулган. Алжирдин музыка маданиятынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон композиторлор ‒ М. Тобаль, А. Абабсы, Х. Бенатиа, А. аль-Ваххаб Кожа; ырчылар ‒ А. Вахди, З. Мохаммед, Т. Амруш, М. Вафа ж. б.
А-де театр өнөрү байыркы улуттук оюндар менен элдик үрп-адаттарды жана ошондой эле кылымдагы диний ырым-жырымдарды камтыйт. А-де 20-к-дын ортосуна чейин театралдаштырылган оюндар майрамдарда, тойлордо, аза күтүү тажиясында коюлуп келген. Алар элдик ырлар, бийлер, пантомима, ырчы акындар менен коштолгон. 16-к-дан Гарагуз (түркчө «Каракөз ») улуттук театр өнөрү (Француз өкмөтү 1843-ж. антиколониалдык сатира үчүн жапкан) өнүгө баштаган. 1853-ж. Алжир шаарында 1-театр ачылып, анда дүйнөлүк драматургия коюлуп, француз актёрлору ойногон. 1930-ж. драматург, актёр жана режиссер М. Бахтарзи 1-театр труппасын түзгөн. 1954-ж. М. Катеб (актёр) «Пегас» жеке менчик труппасын түзүп, кийинчирээк ал Алжир көркөм ансамблин уюштурган жана улуттук театрдын (1963) жаралышына өбөлгө түзгөн. 1960-жылдын аягында «Деӊиз театры» (1968, Оран), «Жаштар театры» (1969, Алжир ш.) ж. б. пайда болгон. 1968-жылдан Жер ортолук деӊиз жээгиндеги мамлекеттеринин Тимгад шаарында, 1985-жылдан Ал-

Мольердин «Анткор оорулуу» спектаклинен көрүнүш. Драма искусствосунун Орандагы регионалдык борбору.

жир шаарында театр фестивалы өтүп турат. 1986-ж. Алжирде драматургия институту ачылган. Сиди-бель -Аббес, Аннаба, Блида ж. б. шаарларда театрлар иштейт.
Алжирдин улуттук кинематографиясы улуттук революция убагында (1954‒62-ж.) пайда болгон. 1957-ж. Алжир киномектеби негизделген. Биринчи даректүү фильмдер тартыла баштаган. «Отко алоолонгон Алжир» (1958, француз режиссеру Р. Вотье), «Ясмин» менен «Элдин үнү» (1961, М. Лахдар Хамин), «Эркиндиктин мылтыгы » (1961, Ж. Шандерли) ж. б. Көз карандысыздыкка ээ болгондон баштап, Улуттук кино борбору жана Улуттук синематика уюшулган. 1967-ж. улуттук кинематография башкармалыгы түзүлгөн. Алгач антиколониалдык фильмдер тартылган. Кийинчерээк «Түн күндөн коркот» (1965, М. Бады), «Каргышка калгандардын таӊы» (1965,

«Омар Гатлато» кинофильминен кадр. Режиссёру М. Алдаш. 1976.

А. Рашеди), «Аурестен соккон шамал» (1966, Хамин), «Жол» (1968, С. Риад), «Мыйзамга каршы көтөрүлгөндөр» (1968, Т. Фарес), «Эркиндик революциясы жөнүндө аӊгемелер» (1969, Р. Лааражи), «Оттуу жылдар хроникасы» (1974, Халим; Каннда өткөн кинофестивалдын чоӊ сыйлыгын алган) ж. б. фильмдер тартылып, дүйнөгө таанымал болушкан. Колониалдык темага байланышпаган алгачкы фильмди («Көмүр өндүрүүчү») М. Буамар 1972-ж. тарткан. Андан кийин «Көчмөндөр» (1975, С. А. Мазиф), «Лейла жана башкалар» (1978, С. А. Мазиф), «Омар Гатлато» (1976, М. Алуаш), «Баатырдын укмуш окуялары» (1978, М. Алуаш), «Шамалдын балдары» (1979, Б. Тсак), «Бир жолугушуунун тарыхы» (1982, Б. Тсак), «Мусанын үйлөнүү тою» (1982, М. Тайиб), «Цитадель» (1989, М. Шуих) фильмдер жарык көргөн. Мындан тышкары С. Риаддын «Таксист Хасан» (1982) жана Б. Бахтын «Сырдуу айдоочу» (1991) кинокомедиялары тартылган. Ислам дининин күчөп баратканын Алуаш «Баб эль-Уэд Сити» (1996) кинофильминде чагылдырган.


Ад.: Жюльен Ш. А. История Северной Африки. М., 1961., т. 1‒2; Ланда Р. Г. История Алжира. ХХ в М., 1999; Бондаренко С. В. Нефть и газ Египта и Алжира на рубеже ХХ‒ХХI в М., 2003; Царапкина Т. С. Кино Алжира. М., 1986.
Ө. Бараталиев, А. Орозов, Ш. Керимова, Б. Үсөнканов.