АЛЕКСАНДРОВ Александр Васильевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:17, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСАНДРОВ Александр Васильевич (1. (13). 4. 1883-жыл, Рязанский губерниясы, Россия ‒ 8. 7. 1946-жыл, Берлин шаары, Германия) ‒ композитор, хор дирижёру, педагог, СССРдин эл артисти (1937), генерал-майор (1943), искусство таануу илимдеринин доктору (1940). Петербург, Москва консерваторияларында окуган. Советтик Армиянын Кызыл Туулуу ыр-бий ансамблинин уюштуруучусу (1928) жана жетекчиси болгон. Анын В.И. Лебедев-Кумачтын «Ыйык согуш» аттуу ырына жазган музыкасы (1941) Улуу Ата Мекендик согуштун музыкалык эмблемасы болгон.

АЛЕКС АНДРОВ52.png

Ал Советтер Союзунун Гимнине музыка жазган (1943). Көрүнүктүү массалык ырларды жазгандыгы (1942) жана концерттик аткаруучулук ишмердиги үчүн (1946) ага эки жолу СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.