АЛБАНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛБАНИЯ, А л б а н Р е с п у б л и к а с ы Европанын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Балкан жарым аралынын батыш бөлүгүндө Адрия жана Иония деӊиздерин жээктей 340 кмге созулуп жатат. Отранто кысыгы аркылуу

АЛБАНИЯ32.png

Италиядан бөлүнөт. Түндүгүнөн жана түндүк-батышынан Сербия, Черногория, чыгышынан Македония, түштүк-чыгышынан Грекия менен чектешет. Аянты 28,7 миӊ км2. Калкы 2,9 млн (2018). Борбору ‒ Тирана шаары. Акча бирдиги ‒ лек. Администрациялык-аймактык жактан 26 ретиге (администрациялык-аймактык бирдикке) бөлүнөт.
Мамлекеттик түзүлүшү. Албания ‒ унитардык мамлекет. Албаниянын Конституциясы 21.10.1998-ж. кабыл алынган. Башкаруунун формасы ‒ парламенттик республика. Мамлекеттик башчысы ‒ президент, (жашы кырктан жогору, Албанияда төрөлгөн жана акыркы 10 жылда 6 жылдан кем эмес туруктуу жашаган жарандар шайланат). Президент кеминде 20 депутаттын сунушу менен парламент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө (дагы бир мөөнөткө кайра шайлануу укугу менен) шайланат. Президент Куралдуу күчтөрдүн Башкы командачысы болуп эсептелет, өкмөт мүчөлөрүн дайындайт. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы ‒ Чогулуш (Кувенд, бир палаталуу парламент). Ал 4 жылга шайланган 140 депутаттан турат (100ү бир мандаттуу округдардан, 40 мүчөсү партиялык тизме боюнча шайланат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы ‒ премьер-министр жетектеген министрлер Совети. Албанияда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Албания Социалисттик партиясы, Албания Демократиялык партиясы, Албания Республикалык партиясы, Албания Социал-Демократиялык партиясы.
Табияты. Адрия деӊизинин жээктери түзөӊ келип, булуӊдары кургактыкка анчалык тереӊ кирген эмес. Деӊиз жээктей жазылыгы 15‒40 км келген дөбөлүү ойдуӊ созулуп жатат. Калган бөлүгүн альп бүктөлүүсүнө кирген Түндүк Албан альп тоолору, Томори, Кораби тоо массивдери ээлейт. Түндүк четиндеги Түндүк Албан альп тоолору каньон сымал тереӊ өрөөндөр менен тилмеленген. Климаты субтропиктик жер ортолук деӊиздик. Түздүктөрдө жайкысын ысык, кургакчыл; кышкысын жумшак, нымдуу. Январдын орточо температурасы 4‒7°С, июлдуку 25‒28°С. Жылдык жаан-чачыны 1000‒1800 мм. Негизинен күзүндө жана кышында жаайт. Тоолору кыйла салкын, кышында абанын температурасы ‒20°Сге чейин төмөндөйт; жылдык жаан-чачыны 2500 мм. Дарыялары тоолордон кууш тереӊ

Тирана ш-нын жалпы көрүнүшү.
АЛБАНИЯ34.png

капчыгайлар аркылуу агып түшөт; ирилери: Дрин, Мати, Эрзени, Шкумбини, Семани. Шкодер, Охрид жана Преспа ж.б. көлдөрү бар. Жээк ойдуӊдарын маквис, шибляк тибиндеги дайыма жашыл бадалдар, тоо этектерин жана капталдарын жазы жана ийне жалбырактуу токойлор (өлкөнүн аймагынын 1/2 бөлүгү токой), 2000 м бийиктиктен жогору альп шалбаасы ээлейт.
Калкы. Калкынын 92%тен ашыгы албандар (түндүгүндө гегдер, түштүгүндө тосктор), ошондой эле грек, серб, болгар, цыган ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Мамлекеттик тили ‒ албан тили (грек тилинде да сүйлөшөт). Калкынын 99%ке жакыны ислам динин (мусулман сүннөттөр), калгандары христиан динин тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники ‒ 72, аялдарыныкы ‒ 76 жаш. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 98,4 киши (2011). Шаар калкы 53,7% (2011). Ири шаарлары: Тирана, Дуррес, Шкодер, Влера, Корча, Фиери ж. б.
Тарыхы. Албаниянын аймагында адам ортонку палеолитте эле жашай баштаганы белгилүү. Биздин заманга чейин 7‒3-кылымдарда гректер Албанияда бир катар колонияларды негиздеген. Биздин заманга чейин 4-кылымда иллириялык уруулардын адепки мамлекеттик бирикмелери түзүлө баштаган. Биздин заманга чейин 2-кылымда азыркы Албаниянын аймагын (Далмация провинциясы жана Македония) Рим каратып алган. Рим империясы кыйраган кезде (5-кылым) Албания Византия империясына караган. 14-кылымда бүткүл Албанияны Серб королу Стефан Душан басып алган. 15-кылымдын башында Албанияга түрктөр басып кирет. 1443‒68-ж. Скандербегдин кол башчылыгы астында албандыктар түрктөргө каршы күрөшкөн. 1479-ж. түрктөр Албаниянын бүткүл аймагын ээлеп, Албания Осмон империясынын курамына кирет. Түрктөрдүн таасири менен ислам дини тарай баштаган. Жергиликтүү элдин түрктөрдүн үстөмдүгүнө каршы нааразылык көрсөтүү кыймылы куралдуу көтөрүлүшкө айланып, Түркия 1-Балкан согушунда жеӊилгенден кийин 1912-ж. 28-ноябрда Албания көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланат, бирок улуу мамлекеттердин көзөмөлүнө өтөт. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда (1914‒18) Албания согуш аракеттеринин майданына айланат, согуштун аягында аны италиялык, сербиялык жана грекиялык аскерлер басып алат. Албандыктар көз каранды эместик үчүн тынымсыз күрөш жүргүзүшүп, баскынчыларды кууп чыгышат. 1920-ж. январда албандыктардын улуттук конгресси Албаниянын көз каранды эместигин жарыялап, Тирана шаары өлкөнүн борбору болот. Албаниянын бат-бат алмашылып турган өкмөтү маанилүү саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзгөн эмес. Буга нааразы болгон албандыктар көтөрүлүшүп, натыйжада 1924-ж. июнь айында буржуазиялык-демократиялык революциясы ишке ашкан жана Ф. Ноли башында турган демократиялык өкмөт бийликке келген. Ошол эле жылы Англия, Франция, Югославия, Италияга таянган А. Зогунун жетекчилиги менен контрреволюциячыл күчтөр демократиялык өкмөттүн бийлигин кулатып, Албанияда аскердик диктатура режимин орнотот. А. Зогу 1925-ж. Албания республика болуп жарыяланган соӊ (21-январь, 1925) президент, кийин 1928-жылдан өлкөнүн королу болуп калат. 1939-ж. Италия, 1943-ж. Германиянын аскерлери Албания аймагын басып алат. 1943-жылдан Албаниянын Улуттук-боштондук армиясы түзүлүп, 1944-ж. өлкөнүн аймагы толугу менен бошотулат. 1946-ж. Албания Элдик Республика деп жарыяланып, Албан эмгек партиясынын режими 45 жыл (1991-ж. чейин) өкүм сүргөн. 1989-ж. өлкөдө демократиялык кайра куруулар жүргүзүлгөн. 1991-ж. апрелде Албан Республикасы болуп кайра түзүлгөн жана анын алгачкы президенти Р. Алия шайланган. 1990–92-ж. Албанияда коммунисттик режим кулаган. Өлкө көп партиялуу системага жана базар экономикасына өткөн. Албаниядагы бийлик кезектешип Албания социалисттик партиясы (негизинен өнөр жайы өнүккөн түштүк региондор, лидери Эди Рама) жана Албания демократиялык партиясы (негизинен өлкөнүн түндүгү, лидери Сали Бериша) менен алмаштырылган. Өлкөдө мурунку лидер Рамиз Алияны айыптоого аракет жасалып, бирок көчөдөгү башаламандыктын натыйжасында ал түрмөдөн бошотулган. 1992-ж. өткөн шайлоодо Албаниянын демократиялык партиясы жеӊишке жетишип, С. Бериша өлкөнүн президенти болуп калган. 1997-ж. өкмөткө каршы нааразылык көрсөтүүлөр элдик көтөрүшкө айланып, куралдуу отряддарга таянган комитеттер уюшулган. 1997-ж. Албания социалисттик партиясы жеӊишке жетишип, президенттикке Р. Мейдани шайланат. 1998-ж. жаӊы конституция кабыл алынган. 1999-ж. Албаниянын НАТОнун Косоводогу аракеттерин колдоосу Албания менен Югославиянын ортосундагы мамилелердин солгундашына алып келген. Косоводо согуштук аракеттердин жүрүшүнө байланыштуу жарым миллионго жакын качкындар Албанияга убактылуу баш калкалашкан. 2001-ж. июлдагы президенттик шайлоодо «Мамлекет үчүн союз» солчул партиясынын блогунун өкүлү А. Моисиу жеӊишке жетишкен. 2002-жылдын июль айында Албаниянын президенти болуп А. Моисиу шайланып, Майконун кабинетин таркаткан. Жаңы өкмөттү Ал­бан­ со­циа­ли­сттик пар­тиясынын (АСП) лидери Фатос Нано жетектеген. 2003-ж. октябрда өткөн жергиликтүү шайлоодо социалисттердин жеңишине карабастан, 2004-жылдын февраль айында Албанияда коррупцияга жана өлкөнүн экономикасынын төмөндөшү үчүн айыпталган AСП бийлигине каршы массалык демонстрациялар болгон. 2005-ж. Албания демократиялык партиясынын өкүлү С. Бериша (1992–97-ж. Албаниянын президенти) өкмөттү жетектеген. 2011-ж. өлкөдөгү саясий кризис адам курмандыктары менен массалык баш аламандыкка алып келип, кайрадан бийлик алмашкан. 2012-ж. президенттик шайлоодо  демократиялык талапкер Буяр Нишани президент болуп шайланган. 2013-жылдан АСПнын өкүлү Эди Рама өкмөттү жетектейт. 2014-жылдын июнунда Евро союзга мүчөлүккө талапкердин расмий статусун алган. 2009-жылдын 1-апрелинен А. НАТОнун мүчөсү. А. 2009-ж. 29-апрелде Европа союзуна мүчө болуу өтүнүчү менен расмий кайрылган. 2010-жылдын 15-декабрында ЕС Албаниянын жарандары үчүн визаларын жокко чыгарган.
Экономикасы. Албания ‒ агрардык-индустриялык өлкө. Экономикасынын башкы тармагы ‒ айыл чарбасынын ички дүӊ продукциядагы (ИДП) үлүшү 47,6% (2003); өнөр жайынын ИДПдеги үлүшү 24,6%, туризм тейлөө чөйрөсү менен кошо 27,8%ти түзөт. ИДПнин көлөмү 31 млрд долларды түзөт, аны киши башына бөлүштүргөндө 11,4 миӊ доллардан (АКШ; 2014) туура келет. Өнөр жай өндүрүшүндө башкы орунду тоо кен казып алуу жана сырьёну кайра иштеп чыгаруу тармактары ээлейт. 2001-ж. 30 млн м3 газ, 0,5 млн т нефть (өлкөнүн түндүк-батышынан, Семани дарыясынын алабынан казылып алынат), 250 миӊ т хром (Булькиза), ошондой эле жез (Рубику, Курбенши), никель (Поградец), темир (Охрид көлүнүн аймагы), лигнит, табигый битуму, минералдык сырьёлор казылып алынат. Жыгач жергиликтүү керектөөлөр үчүн гана даярдалат. 2007-ж. 2,9 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Нефть ажыратуу (Фиери, Балши, Кучова, Церрик), нефть-химия жана химия (Влера, Фиери, Лячи), түстүү (Рубики) жана кара металлургия (Эльбасан), металл иштетүү жана машина куруу (Тирана, Дуррес, Шкодер, Влера), цемент, жыгаччылык, текстиль, тамеки (Шкодер), тамак-аш (зайтун майы, кант, балык жана жемиш консервалары) өнөр жайлары бар. Айыл чарбасы ички керектөөнү канааттандырбайт; буудай, азык-түлүктү сырттан алат. Дыйканчылык кургакчылыктан жабыр тартат; айдоо аянтынын 1/3 бөлүгү сугарылат. Аймагынын 21%и иштетилет, анын 1/2ин дан эгиндери ээлейт; жайыт 15%. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: буудай жана

Албан дыйкандары мал базарда.

жүгөрү, ошондой эле арпа, кант кызылча, күн карама, картөшкө, бакча өсүмдүктөрү, жашылча (буурчак, пияз, помидор, капуста, баклажан), тамеки, мөмө-жемиш (анын ичинде цитрус өсүмдүктөрү, шабдаалы), май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт; жүзүмчүлүк өнүккөн. Мал чарбасынын негизги тармагы кой чарбасы, ал жайытта багылат. Кой, эчки, бодо мал, жылкы жана эшек асыралат. Үй кушу багылат. Кустардык өндүрүшү (албан ак сыры) өнүккөн. Адрия деӊизинде балык кармалат. Негизинен автомобиль транспорту өнүккөн; автомобиль жолунун узундугу 18 миӊ км (анын 30%и асфальтталган). Буна дарыясында, Шкодер, Преспа, Охрид көлдөрүндө кеме жүрөт. Газ куурунун узундугу 339 км, нефтиники 207 км (2004). Эл аралык аэропорту (Тирана шаарынан 25 км) бар. Влерада эл аралык аэропорт курулууда. Сырттан азык-түлүк, тиричиликте пайдаланылуучу товарларды, машина жана станокторду, жер семирткич ж.б. алат. Сыртка хром, жез, никель, битум, тамеки, шарап чыгарат. Негизги сырткы соода шериктери: Италия, Грекия, Түркия, Германия.
Маданияты. Албаниянын билим берүүсүнө илим жана билим берүү министрлиги жетекчилик кылат. Билим берүүнүн негизги регламенттик документи болуп, ЖОЖдогу билим берүү (1999), билим берүү системасы (1995), жеке менчик окуу жайлардагы билим берүү (1995) жана жалпы билим берүүчү мектептердин нормативдик документтери (1995) тууралуу мыйзам эсептелет. Албаниянын билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди (2002; 3400), жалпы билим берүүчү мектептерди (1500 башталгыч, 1700 орто жана 500дөй толук орто), кесиптик жана ЖОЖ камтыйт. Эмгек министрлигинин астында 9 кесиптик жана жеке менчик кесиптик орто окуу жайлары, ошондой эле 8 университет (2004) бар. Ирилери: Тирана университети (1957-ж. негизделген), айыл чарба (1971), политехникалык (1991); Шкодер (1957), Корча (1971), Гирокастра (1971), Эльбасан (1991), Влёра (1994). Албаниянын башкы илимий борбору ‒ Илимдер Аакадемиясы 1957-ж. негизделген. Ири китепканалары: Улуттук (1922-ж. негизделген) жана Тирана университетинин китепканасы. Негизги музейлери Тиранада (археология, 1948; улуттук маданият, 1979; улуттун тарыхы, 1981; тарыхый ж. б.), Гирокастрада (этнографиялык, курал-жарак ж. б.), Бератта [Онуфрия музейи (иконанын сүрөтүн жаратуучунун урматынан аталган), 16-кылым, улуттук искусство, 1827; этнографиялык, тарыхый, археологиялык, 1988, ж. б.)], Корчада (Албаниянын орто кылымдагы искусствосу, тарыхый, улуттук билими) жайгашкан. Ошондой эле Влёрада эгемендүүлүк музейи, Дурресте тарых музейи, Бутринттеги (1950), Дурресте жана Аполонияда (1958) археологиялык музейлери бар.
Өлкөдө 92 гезит, 71 журнал (2004) басылып чыгат. 35 радио, 55 телевизиондук станция, 4 кабелдик канал иштейт. Күнүнө «Зери жана Популит», «Газета Шкиптарде», «Коха йоне», «Рилиндья демократике», «Спорти Шкиптар» гезиттери чыгат. Жалпы улуттук радиостанция ‒ «Тирана радиосу», «Топ Албания радиосу», телестанция ‒ «Ти-ви-эс-эйч» (ЕVSH), «Ти-ви-клан» (ЕV klan), «Ти-ви-Арбериа» (ЕVArberia) жана Албания телеграф агенттиги (АТА) бар.
А-лбаниянын элдик оозеки чыгармасы ‒ баатырлар тууралуу эпикалык дастандарга, каада-салт, лирикалык ырларга, макал-лакапка, тарыхка бай фольклор. Бүгүнкү күнгө чейин жеткен албан тилиндеги жазма эстелик ‒ «Чокундуруунун формуласы» (1462), албан тилиндеги алгачкы китеп («Мешари» диний мазмундагы котормо; Г. Бузуку) 1555-ж. чыккан. Албан адабияты 18-кылымда жакынкы чыгыштын маданиятынан (бейтеджи ‒ 4 сап сатиралык, моралдык ж. б. маанидеги ырлар) таасирленишип, араб жазмасын пайдаланышып, өнүккөн. 19-кылымдын 2-жарымы 20-кылымдын башында Түштүк Италияда жашаган (16-кылым) арберештердин адабияты маанилүү орунду ээлеген. 15‒16-кылымдын гуманисттери: П. Буди, Ф. Барде, П. Богдани, М. Барлетенин чыгармалары жарык көргөн. 19-кылымдагы жазуучулардан: И. Рада, Г. Дара, З. Серембе, А. Сантори; фольклорчулар Т. Митко жана С. Дине; публицист С. Фрашери; акын В. Шкордани (П. Васа) ж. б. белгилүү. Жаӊы адабиятына негиз салуучулардын бири Н. Фрашери болгон. 20-кылымдын көрүнүктүү реалист акындары: А. Чаюпи, Асдрени (А. С. Дренова), Ф. Широка, Л. Гуракучи, Р. Силичи; прозаиктери: М. Грамено, Ф. Постели, Х. Стермили ж. б. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде боштондукка чыгуу идеясын чагылдырган партизан поэзиясы күчөгөн. Алардын ичинен Ш. Мусаринин «Балы, Комбетар эпопеясы» (1944) көрүнүктүү орунду ээлейт. Фашисттик оккупациядан кийин (1939‒44-ж.), тоталитардык режим мезгилинде орус жана советтик адабияттын (көптөгөн чыгармалар албан тилине которулган) таасири күчтүү болуп, Албаниянын адабиятында фашизмге каршы элдик күрөш тууралуу чыгармалар (Ф. Гьятынын «Партизан Бенко жөнүндө ыр» поэмасы, 1950; Д. Шутеричинин «Боштондукка чыгаруучу» романы, 1952‒55) жарык көрөт. Ошол эле мезгилде социалдык багыттагы чыгармалар пайда болуп, 1960-жылдын аягында мемуар, повесть, романдар жазылган .
Албаниянын аймагында байыркы архитектуралык курулмалар биздин заманга чейин 7-кылымдагы иллириялыктардын ташчептеринин калдыктары, ошондой эле колодон жасалган кооз буюмдары, байыркы гректердин (Аполлония, Бутринг) жана римдиктердин (Эльбасан) коргондору менен тосулган турак үйлөр, мозаика түшүрүлгөн имараттары ж. б-дын калдыктары да сакталган. 13‒14-кылымдарда Византиялык типтеги чиркөө искусствосу (Ыйык Николай, Месопота мияда; Ыйык Проща, Лавдарда ж. б. соборлор) өнүккөн жана роман стилиндеги чиркөөлөр курулган; византиялык типтеги фрескалар 16-кылымдан италиялык Кайра жаралуу доорунун таасиринен өнүгөт. 17-кылымдан шаарларда хансарай, мечит, үстү жабык базарлар салына баштайт. 19-кылымдын 3-жарымында аристократтык мүнөздөгү портрет менен пейзаж живописи пайда болсо, 20-кылымдын 1-жарымында импрессионизм жана модерн элементтери менен улуттук романтика тенденциясы

Албаниянын кээ бир аймактарында сууну чоподон жасалган кумгандарга сакташат жана ташышат.

басымдуулук кылган. Живопись менен графиканы С. Дзега, С. Рота, бир тууган эже-сиӊдилер С. жана А. Зенго, К. Илромени, С. О. Кацели, Н. Мартини, В. Т. Мио ж. б., скульптураны

19‒20-к-дын башталышы, шаардык үй.

Л. А. Ниццолы, Я. Пачо, О. П. Паскали, М. Топтании ж. б. өнүктүрүшкөн. 20-кылымда шаарлар жана шаарчалар курулуп, живопись, скульптура жана графика жанрлары өнүгө

Бутринттеги театр, б. з. ч. 3-к.

баштап, алгачкы улуттук театрлардын курулушу драматургиянын өнүгүшүнө шарт түзгөн.
Профессионалдык музыкалык маданияты 2-дүйнөлүк согуштан кийин өнүгө баштаган. Музыкалык мектептер (1947-ж. Тиранада), Й. Мисья атындагы көркөм лицей, мамлекеттик филармония (1950), мамлекеттик опера жана балет театры (1956), мамлекеттик элдик ыр жана бий ансамбли (1957) уюшулуп, 1962-жылдан мамлекеттик консерватория иштей баштаган. К. Кононун «Таӊ» опереттасы жана «Борова баатыры» деген вокалдык-симфониялык поэмасы, Д. Лекинин элдик темада жазган увертюрасы, К. Траконун ораториясы, Ч. Задеянын 1-симфониясы Албаниянын профессионалдык музыкасынын туӊгуч чыгармаларынан. Г. В. Перкуни классикалык балетти алгачкылардан болуп койгон. 1951-ж. Б. В. Асафьевдин «Бахчисарай фонтаны», 1953-ж. Ч. Пуньинин «Эсмеральда» классикалык балети, 1968-ж. Тиранада П. Якованын «Скандерберг» операсы коюлган. Албанияда 1-театр оюндарын Тесторат

О. Паскали. «Скандербег».

кыштагындагы театр ийрими койгон (1874). Албаниянын элдик музыкасы айрым аймактарына мүнөздүү болгон стилдин ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Ыр-күүлөрү кылдуу, үйлөмө аспаптардын, скрипка, кларнет жана чоордун коштоосу менен үч обонго салынып аткарылат жана чифтели, ляхута, гайда, зумара, фюэли, даулэ урма аспабы менен коштолот. Биринчи кинофильми 1912-ж. Шкодерде, хроникалык тасма 1920-ж. Влёрада коюлуп, биринчи кинозал Тиранада 1926-ж. ачылган. Мурунку СССРдин жардамы менен 1952-ж. «Жаӊы Албания» киностудиясы ачылып, биргелешип «Албаниянын улуу жоокери Скандербег» фильми (1954, сценарийи М. Г. Паповдордуку, режиссёру С. И. Юткевич, оператор Е. Н. Андриканис), өз алдынча «Тана» кинофильми 1958-ж. режиссёр К. Дамо тарабынан, 90-жылдары баатырдык, атуулдук жана аскерий мазмундагы кинофильмдер тартылган. 1976-жылдан Тиранада Албания киносунун улуттук фестивалы (2-жылда 1 жолу), 1968-жылдан улуттук фольклор фестивалы (Гирокастрада, жыл сайын), 1998-жылдан И. Крои атындагы

Улуттук бий (Албаниянын түштүк бөлүгү).

вокалисттердин (Тиранада), 2000-жылдан музыкант аткаруучулардын эл аралык конкурстары өткөрүлүп турат. Салт болуп калган кол өнөрчүлүгү ‒ күмүш зергерчилиги, жыгачка оймо түшүрүү жана жүндөн килем токуу, сайма саюу, карапа жасоо алигүнчө сакталып келүүдө.
Ад.: Лук Г. Албания (Физико-географический обзор). М., 1948; Валев Э. Б. Албания. М., 1972; Краткая история Албании; С древних времён до наших дней. М., 1992; Юткевич С. И. Искусство народной Албании. М., 1958; Народное искусство в Албании, Тирана, 1959.

Р. Карачалова, А. Орозов, Ш. Керимова, Ж. Абдилова.