АЛАЧЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛАЧЫК ‒ көчмөн элдерде колдонулуучу өтө жупуну турак жай. Анын жапма алачык, буума алачык, сайма алачык, чөп алачык деген түрлөрү бар. Жапма алачык түндүккө сайылган керегесиз ууктардын үстүнө үзүк жабылып жасалат. Бир нече жыгачтардын учун бууп, анын үстүн кийиз, тери ж. б. менен жапса, буума алачык, чөп менен жапса, чөп алачык деп аталат. Сайма алачык эӊ алгачкысы болуп саналат. Аны уукка окшогон бир нече узун таякчаларды жерге сайып, баштарын жип менен бириктирип, түндүккө тешик калтыра байлап, үстүнө кийиз (кыргыз, казак ж. б. элдер), терилерди, кайыӊдын кабыктарын (алтайлыктар) жабышкан. Алачыкты негизинен көчмөн элдердин кедей-кембагалдары пайдаланган.