АЛАЙКУУ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛАЙКУУ ӨРӨӨНҮ Алайкуу (батыш), Терек (түштүк) жана Фергана (түндүк) тоолорунун арасынан орун алган. Узундугу 75 км, туурасы 15 км. Деӊиз деӊгээлинен орточо бийиктиги 2300 м, жеринин бети тоолуу келип, түндүк-батышты көздөй жантайыӊкы. Борбордук бөлүгү жайык. Дөӊсөөлүү түзүлүштөгү талкаланып тегизделген жондор, чөкмө тектер менен капталган байыркы түздүктөр, жарыш жайгашкан кырлар жана өрөөндөр мүнөздүү. Негизинен бор жана юра мезгилинде пайда болгон тоо тектерден түзүлгөн. Көмүр кени бар. Климаты континенттик. Июлдун орточо температурасы 15,7°С, январдыкы ‒17,9°С. Жылдык жаан-чачыны 300‒500 мм. Суулары: Балгынды, Кашка-Суу, Карагатты, Саба-Жарды, Кайыӊды, Казык, Ак-Богус, Терек ж. б. Көлдөрү: Кулун, Көл-Кайыӊды. Негизинен талаа-тулаӊ (2300‒2700 м), токойлуу шалбаа (2700‒3100 м), токой (3000‒3500 м), субальп, альп шалбаасы (3500‒3900 м) жана маданий (2100‒2500 м) ландшафттар мүнөздүү. Алайкуу өрөөнүндө Сагындык ж. б. кыштагы жайгашкан. Мал чарбасы өнүккөн; жайыт.