АЛАЙ КОЮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:11, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛАЙ КОЮб ‒ эт, май, жүн багытындагы кой породасы. КРдин Ош облусундагы Алай районунда кыргыздын гиссар тибиндеги куйруктуу кою прекос коюунун кочкору менен аргындаштырылып алынган. Кийин куйруктуу кылчык жүндүү жана ар кандай муундагы (генерация) метис (аргын) соолуктар жүнү жакшы, куйруктуу метис кочкорлорго куудурулган. Жүнүнүн өӊүн бозортуу жана аны узартуу максатында кой тобунун бир бөлүгү саража коюнун кочкору менен кыстырынды аргындаштырылган. Натыйжада койдун генеалогиясы ар башка эки тобу алынган. Кийин бул эки топтогу койлордун соолуктары куйруктуу ак кочкор менен куудурулган, ал эми ак койлордун керектүү тиби өз ичинен

АЛАЙ КОЮ21.png

кочкор салынып өстүрүлгөн. Кийин максаттуу селекциялык-асылдандыруу ишин жүргүзүүнүн (20 жыл бою) натыйжасында 1981-жылы бийик тоо шартында жыл бою жайытта багылуучу куйруктуу чала кылчык ак жүндүү койдун жаӊы породасы бекиген. Кочкорунун салмагы 145 кг, соолугунуку 62‒68 кг (айрымдары 85 кг). Козусу жүнү өскөлөӊ, чоӊ туулуп, тез жетилет. Күрпөӊүнүн (4‒4,5 айлык) салмагы 32‒37 кг. Алай кою Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа райондорунда асыралат.


Ад.: Ботбаев И. М. Алайская порода овец и её селекция. Ф., 1982.