АЛАИД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:11, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛАИД – Охота деңизиндеги Атлас аралында жайгашкан аракеттеги жанар тоо, Россияда. Чоң Курилдин эң бийик жери (бийиктиги 2339 мге чейин). Анын суу астындагы бөлүгүнүн негизин эки жанар тоо жана Алаиддин байыркы суу астындагы конусу түзөт. Ал эски конустун үстүндө жаңысы орун алган. Страто жанар тоосу андезит-базальт лавасынан турат. Отузга жакын кошумча конустары бар. Акыркы жолу 1933-, 1934- жана 1972-жылдары атылган. Анын негизинде Такетоми конусу пайда болгон. Капталдарында ольха бадалы бийик өскөн чөптөр менен алмашат.