АЛА ГҮЛ
Jump to navigation
Jump to search
АЛА ГҮЛ (Viola) ‒ өсүмдүктөрдүн ала гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, кээси бир жылдык чөп же чала бадал. Сабагынын узундугу 15‒20 см. Гүлү кызгылт көк, ак же сары, жыпар жыттуу. 500дөй түрү белгилүү. Алардын ичинен алтай жыпар жыттуу жана үч түстүү Ала гүл кеӊири таралган. Алтай Ала гүлү тоо шалбааларында, Алтай тундраларында, Теӊир-Тоодо өсөт. Кыргызстанда гүлзарларда өстүрүлөт. Көп жылдыгынан эфир майы алынат.