АЛА-ТОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛА-ТОО ‒ жайы-кышы чокуларын ак кар, көк муз каптаган, алыстан ала-була болуп көрүнгөн бийик тоолорду чагылдырган географиялык түшүнүк, термин, энчилүү ат. Байыркы кыргыз тилинде ола, ула‒улуу, зор, бийик деген маанини берген. Азыркы кезде да бийик тоолорду жергилктүү эл жалпысынан «Улуу тоо» деп аташат. «Ала» деген түшүнүк байыркы ола, ула деген сөздөрдөн чыгышы ыктымал. Түрк тилдериндеги аладаг (түрк, азербайжан, түркмөн), алатаг (уйгурча), алатау (казакча), алатуу (алтайча), олатаг (өзбекче) ж. б. формалардын этимологиясы кыргызча «алатоо» деген сөздүн интерпретациясы. Кыргыз эли эзелтен бери мекендеген тоолордун жалпы атын Теӊир-Тоо, Ала-Тоо, айрым жерлерин Ак-Тоо, Кардуу-Тоо, Муз-Тоо деп атап келген. Буга Махмуд Кашгари (11-кылым) ж. б-дын тарыхый жазма адабияттарындагы маалыматтар далил боло алат. «Манас» ж. б.

Ак-Шыйрак кырка тоосундагы Давыдов мөӊгүсү.

элдик оозеки чыгармаларда Ала-Тоо, Теӊир-Тоо кыргыз жергесиндеги тоолордун жалпы аты катары көрсөтүлөт. Ушул эле пикирди Жеӊи-Жок, Тоголок Молдо ж. б. акындардын чыгармаларынан да байкаса болот. 19-кылымдын орто ченинен тартып Ала-Тоо илимий эмгектерде, географиялык карталарда «Тянь-Шань» аталып калганын жергиликтүү эл европалык адабий булактардан билген. Бул Теӊир-Тоо, Ала-Тоонун кытайча сөзмө-сөз которулуп алынган мааниси экендиги азыр бизге маалым болду: теӊир, асман ‒ тянь, тоо ‒ шань. Энциклопедиялык, маалыматнаама, ошондой эле айрым окуу китептерде «Тянь-Шань» Теӊир-Тоо деп берилген. Ала-Тоо деген ат азыркы географиялык энчилүү аттарда сакталып калган, мисалы Кыргыз Ала-Тоосу, Талас Ала-Тоосу, Иле Ала-Тоосу, Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо ж. б.