АЛ-КАИДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛ-КАИДА (ар. ‒ негиз, өзөк) ‒ эл аралык исламчыл террордук уюм. 1988-жылы Сауд Аравиясынан чыккан Усама Бен Ладен тарабынан түзүлгөн. Ал-Каиданын максаты ‒ мусулман өлкөлөрүн жарандык өкмөттөрдөн куткаруу жана ислам мамлекеттерин түзүү, мусулмандардын душмандары деп эсептешкен өлкөлөргө (АКШ, Израиль ж. б.) каршы согуш жүргүзүү (жихад), дүйнөдөгү бардык исламчыл согуштук уюмдарга колдоо көргөзүү. Ал-Каиданын өзөгүн 1979—89-жылдары СССРге каршы күрөшкөн Афганистандагы араб ыктыярдуулары (моджахеддер) түзгөн. Алардын аракеттери Бен Ладен тарабынан каржыланып турган жана көпчүлүгү Сомали, Тоолуу Карабах (армян-азербайжан чатагы), Босния, Косово, Тажикстан, Чеченстандагы (Хаттаб жетектеген можахеттер) ж. б. согуштук окуяларга катышышкан. 1990-жылы Ал-Каида уюму «Афган жихадынын энциклопедиясын» басып чыгарып, анда террордук аракеттерди жүргүзүү тактикасы, жардыруучу куралдарды жасоо жана пайдалануу ыкмалары камтылган. 1997-жылы АКШнын Борбордук Чалгындоо Кызматы Бен Ладенди «1 террорчу» деп жарыялаган. Бен Ладен Афганистандагы талибдер көзөмөлдөгөн аймактарда жашырынып жүргөн жана «Талибан» кыймылы аны Америкага берүүдөн баш тарткандан кийин, АКШ Афганистандагы антитеррордук компаниясын баштаган. Анын жүрүшүндө Ал-Каиданын жетекчилеринин көпчүлүгү жок кылынган, бирок Бен Ладен кармалган эмес. 1998-жылы Ал-Каида уюму Найробидеги (Кения), Дар-Эс-Саламдагы (Танзания) АКШнын элчиликтериндеги жардырууларды (300гө жакын киши өлүп, 5 миӊге жакыны жарадар болгон) уюштургандыгын билдирген. Тунисте, Йеменде, Кувейтте, Индонезияда, Кенияда, Сауд Аравиясында, Испанияда, Түркияда ж. б. өлкөлөрдө Ал-Каиданын мүчөлөрү уюштурган террордук актылардан жүздөгөн адамдар курман болгон. 1998-жылы Ал-Каида «Иудейлерге жана кресттүүлөргө каршы бүткүл дүйнөлүк ислам фронтунун» түзүлгөндүгүн жарыялаган. 11. 9. 2001-жылы террорчулардын Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборуна жана Вашингтондогу Пентагондун имараттарына жасаган авиа чабуулунан 3 миӊ киши курман болуп, бир нече миӊ адам жарадар болгон.