АКЫЛБЕКОВ Сабырбек Мамбетсадыкович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКЫЛБЕКОВ Сабырбек Мамбетсадыкович (15. 3. 1914-жыл, азыркы Чүй облусу, Калинин району, Кум-Арык айылы ‒ 15. 4. 1968-жыл, Фрунзе шаары) ‒ белгилүү сүрөтчү, педагог, Кыргыз СCРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1958). Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында (1928‒32), Москва шаарындагы «1905-жылды эскерүү» атындагы сүрөт окуу жайында

АКЫЛБЕКОВ16.png

(1936‒39) окуган. Адегенде С. А. Чуйковдон жана В. Образцовдон, кийин белгилүү орус сүрөтчүлөрү Н. П. Крымов менен П. И. Петровичтен таалим алган. Педагогикалык окуу жайында, мектепте сүрөт мугалими (1932‒1934), Фрунзе шаарындагы сүрөт окуу жайында педагог (1961‒1965) болуп иштеген. Алгачкы пейзаждык чыгармасы ‒ «Колхоздун короо кою» (1939) деген картинасында С. Акылбеков сүрөтчүлүк жөндөмүн даана көрсөтө алган. 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун декадасында анын чыгармалары көргөзмөгө коюлган. С. Акылбеков кыргыз сүрөт искусствосуна чебер пейзажчы жана портретчи катары кирген. Буга анын «Чүй өрөөнүндө», «Алыскы жайлоодо», «Колхоз корукчусу», «С. Моминованын портрети» деген сүрөттөрү күбө. 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрын кооздоого катышкан. «Кыргыз талааларында» (1954) деген чыгармасында илимий прогресстин натыйжасында кол эмгегин техника менен алмаштырган жагдайды чеберчилик менен көрсөткөн. 1960-жылдары С. Акылбековдун «97-чакырымда» (1960), «Кыргызстандын түштүгүндө» (1964), «Шаардын бир бурчу» (1964), «Туулган жерде» (1965) жана башка белгилүү пейзаждык чыгармалары жаралган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында С. Акылбеков республиканын индустриясын чагылдырган «Завод» (1965), «Заводдук трасса» (1966) аттуу картиналарын тарткан. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медаль менен сыйланган.
Ад.: Прыткова Л.А. Сабырбек Акылбеков. Ф., 1968.