АКЧАКАЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКЧАКАЯ (Ахча-Кая, Акжакая) – Түркмөнстандагы туюк ойдуң. Кара-Кум чөлүнүн түндүк-батышында Сары-Камыш ойдуңунан түштүгүрөөк жерде жайгашкан. Узундугу 50 кмдей, туурасы 6 км, салыштырмалуу тереңдиги 200 м. Дүйнөлүк океандын деңгээлинен – 81 м (Азиядагы эң терең) төмөн жаткан ойдуң. Аттын такасындай формага ээ. Ойдуңдун капталы бийик жарлуу. Алгач советтик окумуштуу географ Э. М. Мырзаев тарабынан изилденген.