АКЦИДЕНЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКЦИДЕНЦИЯ (лат. accidentia ‒ кокус, кокустук) ‒ нерсенин негизги, субстанциясынан айырмаланган туруксуз, өтмө, маӊызсыз, убактылуу, сырткы касиеттерин билдирүүчү философиялык түшүнүк. Ал алгач Аристотелдин эмгектеринде, кийин неоплатончу Порфирийдин чыгармаларында кездешет. Мисалы, «ак» (сапат), «эки метрдей» (сан) деген түшүнүктөр өзүнчө болушу, өз бет алдынча жашашы эч мүмкүн эмес, анткени булар заттардын, нерселердин сырткы (шарттуу) касиеттерин билдирет. Бирок, нерселер да касиетсиз боло албайт. Акциденталдык касиет реалдуу жашап турганы менен анын болбой калышы да мүмкүн. Ошол себептүү мындай (утурумдук) касиеттер түпкү маӊызды билдире албагандыктан, нерселердин логикалык аныктамасы боло алышпайт. Кийинки кезде философтор «өзгөчөлүк» мүнөздөмөсү катары колдонушууда. Спиноза «модус» (жалпы субстанциянын жекече көрүнүп ‒ билиниши) түшүнүгүн колдонуу менен акциденциянын бир катар каршылыктарын (тактап айтканда, негизги эмес, бирок туруктуу, номиналдуу, куру аталуу же реалдуу жаратылышы бар түшүнүктөр ортосундагы каршылыктар) чечкен.