АКУЛАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:06, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКУЛАЛАР (Selachomorpha) ‒ эбелек бакалоорлуу балыктардын чоӊ түркүмү. Дене узундугу 20‒30 смден 20 мге, салмагы 14 тга чейин жетет (алп жана кит сымал акула). Териси жалпак (плакоид) кабырчыктар менен капталган. Башынын капталында адатта 5 жуп бакалоор жылчыгы жайгашкан. Куйрук сүзгүчү чоӊ, тиштери курч, конус сымал. Акулаларга 8 түркүм, 21 тукум, 85ке жакын уруу, 250гө жакын түр кирет. Көпчүлүгү деӊиз тереӊинде же түбүндө (3000 м тереӊдикке чейин) жашайт. Эӊ тереӊдикте жашаган кээ бир түрлөрүнүн жарык берүүчү органы ‒ фотофорлору бар. Айрым түрү тузсуз сууларда да кездешет (Амазонка дарыясы, Никарагуа көлү). Алар жырткычтар ‒ балык, моллюска, омурткасыздар менен азыктанат, алп жана кит сымал акула ‒ планктонофагдар. Тирүү, жумуртка-тирүү жана жумуртка туучулары бар. Бардык, өзгөчө тропик океандарында кездешет. 10го жакын түрү (тикенектүү акула катран) Кара жана Ыраакы Чыгыш деӊиздеринде, уюлдук Акулалар Түндүк муз океан алкактарында жолугат. Көпчүлүгүнө промыселдик аӊ уулоо жүргүзүлөт. Кээ бир түрлөрү кишиге кол салат.