АКТИВДҮҮ ЛЕКСИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКТИВДҮҮ ЛЕКСИКА ‒ кеӊири колдонулган жана мааниси жалпы элге түшүнүктүү, жеткиликтүү болгон сөздөрдүн тобу. Мындай лексикалык каражаттар тилдин сөздүк курамынын көпчүлүк бөлүгүн ээлейт. Тилдин азыркы кездеги абалы боюн­ча алып караганда, активдүү сөздөрдүн тобуна, мисалы., чарба, эмгек, курал, китеп, суу, ал, бер, иште, кооз, сулуу, бийик, эрте, кеч, бар, жок сыяктуу сөздөр, кеӊири колдонулуп жүргөн саясат, коом, демократия, партия, депутат, президент, парламент, сессия, конституция сыяктуу коомдук-саясий түшүнүктөрдүн аттары, экономика, өнөр жай, ишкана, өндүрүш, товар, лексика, грамматика, тыбыш, тамга ж. б. сыяктуу терминдер кирет.

А. Шаршенбаев.