АКТИВДҮҮ КӨМҮР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКТИВДҮҮ КӨМҮР, а к т и в д е ш т и р и л г е н к ө м ү р ‒ майда көзөнөктүү жана сиӊиргич касиети бар адсорбент. Таш көмүр же жыгач көмүрүнө суунун өтө ысытылган буусун же көмүр кычкыл газын жогорку температурада таасир этүүдөн алынат. Ошондо көмүрдүн ичиндеги чайыр сымал заттар жоголуп, майда көзөнөкчөлөр пайда болот. Ал көзөнөкчөлөрдүн эсебинен көмүрдүн үстүӊкү бети чоӊоюп, заттарды көп сиӊирет. Активдүү көмүр тез учуучу суюктуктардын буусун абадан жана газ аралашмасынан сордурууда, өндүрүштө баалуу органикалык эриткичтердин буусун сиӊирүү жолу менен жыйнап, кайра өндүрүшкө жумшоодо, противогаз жасоодо, эритмелерден органикалык заттарды бөлүүдө, медицинада ж. б-да пайдаланылат.