АКСАКАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:04, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКСАКАЛ ‒ 1) салттуу кыргыз коомундагы уруунун же уруктун башкаруучусу; 2) эл арасындагы кадырман, билерман, тажрыйбалуу адам. Аксакал көптү көргөн, көптү билген, иш менен сөзгө канык болгон жана айылдын ички-тышкы мамилелерин жөнгө салып турган. Эл бийлөөдө мамилелер өнүккөн учурда аксакал башкаруу укугунан четтетилип, айылдын кеӊешчиси, калыс киши катары гана болуп калган. Кийинчерээк жалаӊ эле карыялар эмес, мансаптуу, колунда бар кишилер да жашына карабастан аксакал аталып кеткен.