АКРИДИН
Jump to navigation
Jump to search
АКРИДИН, C13H9N – ачык сары кристалл, дүүлүктүргүч жыттуу, ароматтык касиетке ээ органикалык бирикме. Молекулалык массасы 179,22, б. эрүү 1111°С, кайноо t 346°С. Жеңил бууланат (сублимацияланат). Көпчүлүк органикалык эриткичтерде жакшы, сууда начар эрийт. Акридин начар негиз болгондуктан күчтүү минералдык кислоталар менен туз пайда кылат. Орун алмашуу реакциясына кыйындык менен кирет. Акридин таш көмүр чайырында кезигет, дифениламинди кумурска же козу кулак кислоталары менен конденсациялоодон, акридонду калыбына келтирүүдөн алынат. Ал металлды дат басуудан сактоодо, баалуу боек, дары‑дармек алууда колдонулат.