АКРАМОВ Эрнест Хашимович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:03, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКРАМОВ Эрнест Хашимович (1936‑жылы туулган, Фрун­зе шаары) – хирург, медицина илимдеринин доктору (1990), профессор (1998). Кыргыз Республикасынын Баатыры (2009). КММИни бүтүргөн (1960). Фрунзе шаардык №2‑клиникалык ооруканада ордина­тор, РКОдо хирург, бөлүм башчы, доцент болуп иштеген. 1992‑жылдан Чүй облустук ооруканада хи­рургия бөлүмүнүн башчысы. Акрамовдун аты Чүй облустук ооруканага ыйгарылган.
Эмг.: Сорбционно‑лимфатический дренаж гнойносеп­тической хирургии (в соавторстве). Новосибирск, 1999.