АКНАЗАРОВ Корчубек
Jump to navigation
Jump to search
АКНАЗАРОВ Корчубек (1. 8. 1922, Талас облусу, Бакай‑Ата району, Кызыл‑Жар айылы – 1. 2. 2019, Бишкек) – белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер, айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1941‑жылы мугалимдиктен баштаган. 1947‑жылдан жетекчи кызматта: компартиянын Чаткал, Ала‑Бука, Октябрь, Базар‑Коргон райкомдорунун 2‑катчысы, Ала‑Бука райаткомунун төрагасы, 1961‑90‑жылдары Ак Талаа, Жумгал, Кочкор райкомдорунун 1‑катчысы.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1963–90), КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (1990–95). Эки Ленин, Эки Эмгек
Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.