АКМЕИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:02, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКМЕИЗМ (гр. – жогорку даража) – агым. Акмеизм 20-кылымдын башында орус поэзиясында өкүм сүргөн. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү – А. А. Ахматова, Н. С. Гумилев ж. б. Алардын поэзиясын символизмге каршы көз караштар, поэтикалык позициялар бириктирип, көрпенденин көйгөйлүү тиричилигин курч жана кеңири жазууга аракеттенишкен. Предметке конкреттүү, кыска мамиле кылганы менен символисттерден айырмаланышкан. Алар “поэтикалык сөздүн артисттери” (мис., Ф. Анненский) болгон. Кийинчерээк акмеизм совет адабият таануусу тарабынан модернисттик агым катары четке кагылып, чындыкты туура эмес, коомго байланышсыз көрсөтөт деп эсептелинген. 80–90-жылдардан кийин гана алардын чыгармаларына жаңыча көз караш менен карап, акмеисттердин чыгармалары кайрадан миллиондогон нускалар менен чыга баштаган.