АКМАТОВ Ташполот
Jump to navigation
Jump to search
АКМАТОВ Ташполот (1929, Ош облусу, Ноокат району, Кожоке кыштагы) – малчы, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1981). Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устаты (1978). Эмгек жолун 1943‑жылы Ноокат районундагы «Правда» колхозунда колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1959-жылдан Ноокаттагы № 44‑жылкы заводунун баш чабаны. 1981‑жылы ар жүз тубар койдон 172ден козу, ар койдон 4,9 кг дан жүн кыркып алган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1975). Эки Ленин ж. б. ордендер менен сыйланган.