АККРЕДИТИВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АККРЕДИТИВ (лат. accreditivus - ишенимдүү) - 1) кредит берүүчү мекемеде (банкта, көбүнчө аманат банкында) аккредитивде көрсөтүлгөн сумманы толук же бир бөлүгүн белгиленген мөөнөттө алуу үчүн алуучунун аты жазылып, укугун күбөлөндүргөн баалуу кагаз; 2) милдет­тенмелер аткарылгандан кийин товар, иш ат­каргандык же кызмат көрсөткөндүк үчүн ток­тоосуз төлөм алууга мүмкүндүк берүүчү банк эсе­бинин түрү; ишканалар менен уюмдардын орто­сунда акчасыз эсептешүүнун түрү катары, ошондой эле коммерциялык операциялар боюнча эл аралык эсеп­тешүүдө пайдаланылат. Негизги түрлөрүнө ак­чалай жана товардык (документтүү) аккредитив кирет.