АКВАМАРИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:59, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКВАМАРИН (лат. aqua marina – деңиз суусу) ­минерал, бериллдин бир түрү. Көгүлтүр, көгүш­ жашыл ж. б. түстөгү тунук кристаллдар тү­рүндөгү кымбат баалуу асыл таш. Өңү Fe2+ Fe3+ кошундуларына байланыштуу. Аквамарин узун призма­лык кристаллдарды пайда кылып, кээде өтө чоң өлчөмгө жана массага жетет (Бразилияда 110,5 кгдагы табылган). Сапаттуу Аквамарин пегматит жана грейзен кендеринен алынат. Көгүлтүр түстөгү аквамаринден саргыч жашыл берилл кристаллын алуу­га болот жана зергерлик буюмдарды боёодо, жа­соодо колдонулат. Бразилия, Пакистан, Мада­гаскар, Россия (Урал, Забайкалье), Украинада ири кендери бар. Кыргызстанда Талас кырка тоосун­да (Күмүштаг) ж. б. жерлерде табылган.