АКАЕВ АСКАР АКАЕВИЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКАЕВ Аскар Акаевич (1944), техника илимдеринин доктору (1981), профессор (1983), КР УИАнын академиги (1987). Кыргыз Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл Байрак айылында туулган. 1968-жылы Ленинграддагы так механика жана оптика институтун (ЛИТМО), ошол эле институттун аспирантурасын 1972-жылы аяктаган. ЛИТМОдо инженер, улук илимий кызматкер, окутуучу болуп иштеген. Андан кийин Фрунзедеги политехника институтунда доцент, кафедра башчысы болуп эмгектенген. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинде бөлүм башчы, Кыргыз ССРинин ИА вице-президенти, президенти, ал эми 1990-жылдан баштап 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти. Илимий багыты кванттык электроника, голограф жана маалыматтарды оптика жолу менен иштетүү. Нью-Йорк, Ислам жана бир нече чет мамлекеттердин академияларынын академиги. Москва ж.б. университеттердин ардактуу профессору, Кыргыз ССРинин илим жана техника жагынан Ленин комсомолу (1977), Ж.Неру атындагы Эл Аралык биримдүүлүк фондусунун (1995), «Дүйнөдөгү түрк тилдүүлөрдү жакындаштыруу эмгеги» аттуу (1999) эл аралык сыйлыктарынын лауреаты. «Латын Америка биримдүүлүгүнүн Ассоциасынын Чоң крест» ордени менен сыйланган. КР Маалымат Байланыш Технологиялар (МБТ) кеңешинин төрагасы. 200 дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 16 монографиянын ээси. Анын жетекчилиги менен 3 докторлук, 29 кандидаттык диссертациялар корголгон.


АКАЕВ АСКАР АКАЕВИЧ.jpg