АК ЧИРИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК ЧИРИК ‒ өсүмдүк илдети. Көбүнчө күн карама, чанактуу өсүмдүктөр, тамеки, кенеп, астра, хризантема жылытылмада, жашылча сактагычта кызылча, сабиз, цикорий, капуста, пияз жана кооздук өсүмдүктөрдүн пияз түбү ж. б. чалдыгат. Илдетти бардык жерде таралган баштыкчалуу мите козу карын Sсlerofinia Libertiana пайда кылат. Ал алгач өлүү же начарлаган (гүл желекчеси, жалбырак сабы ж. б. куураган) тканга кирип, уулуу зат бөлүп чыгарып, чиритет. Андан таза тканга, клеткага өтүп, аны да чиритет. Бул илдет көчөт, үрөн аркылуу тарайт. Ал топуракта жана өсүмдүк калдыктарында 3 жылга чейин сакталышы мүмкүн. Өсүмдүктүн түшүмүн кыйла төмөндөтөт. Каршы күрөшүү чаралары: которуштуруп эгүү иретин туура сактоо, отоо чөптөрдү жок кылуу, жерди тереӊ коӊторуп айдоо, жашылча сактоо эрежесин туура жүргүзүү, үрөнгө гранозан, ТМТД, айдоого фосфор-калий жер семирткичин чачуу.