АК ТАШ (КАРА-КУЖУР) ДОЛОМИТТҮҮ МРАМОР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-ТАШ (КАРА-КУЖУР) ДОЛОМИТТҮҮ МРАМОР КЕНИ Нарын облусунун Кочкор районунда, Сары-Булак кыштагынан 56 км чыгышта. Балыкчы темир жол бекетинен кенге чейинки аралык 154 км. 1948-жылы табылып, 1980‒81-жылдарда геологиялык чалгындоо иштери аткарылган. Доломиттүү ак мрамор жогорку протерозой заманында пайда болгон. Мрамор чыгыштан батышка 400 мге созулуп жатат, туурасы 300 м. Мрамор майдаланган түрдө декорациялык оор бетондо жана курулуш иштеринде колдонулат. Запасы А+В+С1 категориясы боюнча 2994 миӊ м3.