АК-ШЫЙРАК ТОО ТООМУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-ШЫЙРАК ТОО ТООМУ Борбордук жана Ички Теӊир-Тоонун чегинде. Чыгышынан Сары-Жаз өрөөнү, батышынан Нарын дарыясынын баш жагы менен чектешип, түштүк-батыштан түндүк-чыгышка карай созулат. Узундугу 60 км, эӊ жазы жери 28 км. Орточо бийиктиги 4720 м, эӊ бийик жери 5100 м (Жаман-Суунун оӊ куймасынын төрүндө). Негизинен протерозой, силур, девон жана карбон мезгилдеринин чөкмө жана эффузия тоо тектеринен түзүлгөн. Тоо арасындагы ойдуӊдарда, суу өзөндөрүндө палеоген-неогендин кызыл түстүү чөкмө тектери жана антропогендин аллювий, мөӊгү чөкмөлөрү жатат. Интрузия тектеринен плагиогранит, сиенит-диорит, габбро-диабаз, нефелиндүү сиенит жана турмалиндүү граниттер арбын. Кен байлыктарынан алтын жана калайдын өндүрүштүк мааниси бар. Тоо үч кыркадан түзүлгөн: түндүк (Сары-Чат, Ээр-Таш, Май-Төр), ортоңку (Кызыл-Эшме), түштүк (Үч-Көл); булардын чыгыш жагы биригип кетет. Кырларынын (4500‒5000 м) жана өрөөндөрүнүн баш жактарын (4000‒4500 м) мөӊгүлөр ээлейт. 3500‒4000 м бийиктикке альп шалбаа ландшафты мүнөздүү, ошондой эле тоо мөӊгүлөрү сүрүп таштаган шагылдар көп. Түндүк жана түштүк этектери аркылуу тектоникалык жаракалар өтөт. Ак-Шыйрак тоо тоомунда аянты 432 км2ге жеткен 130дай мөӊгү (Петров, Давыдов, Кум-Төр ж. б.) бар. Эӊ ириси ‒ Петров, мындан Нарын дарыясы башталат. Өрөөн мөӊгүлөрүнүн узундугу 10‒20 кмге жетет. Түндүк-батыш этегинде Кум-Төр алтын кени бар.