АК-ТӨБӨ ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-ТӨБӨ ОБЛУСУ Казакстан Республикасында. 1932-жылы 10-мартта уюшулган. Аянты 300,6 миӊ км2. Калкы 830,2 миӊ (2015), администрациялык борбору ‒ Ак-Төбө шаары. Ак-Төбө облусу Казак Республикасынын түндүк-батышында жайгашкан. Жеринин бети негизинен түздүк (деӊиз деӊгээлинен бийиктиги 100‒200 м). Борбордук бөлүгүндө Мугалжар тоосу (эӊ бийик жери Чоӊ Бактыбай чокусу, бийиктиги 657 м) түндүктөн түштүккө карай созулуп жатат. Түштүк-чыгышында кумдуу Арал бою, Кара-Кум, Чоӊ жана Кичи Барсук чөлдөрү жайгашкан. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы ‒16°С, июлдуку түндүгүндө 22°С, түштүгүндө 26°С. Жылдык жаан-чачыны 120‒300 мм. Аймагынан Эмба, Илек ж. б. дарыялар агып өтөт. Ири көлү ‒ Шалкардеӊиз. Түндүгүнө кара, түштүгүнө бозомук коӊур жана боз топурактар мүнөздүү, айрым жерлеринде шортоӊ жерлер кездешет. Табылгы, терек, кайыӊ (түндүгүндө), бетеге, шыбак (түштүгүндө) ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Облуста казак, орус, украин, татар ж. б. улуттар жашайт. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2ге 1,8 киши туура келет. Облустун өнөр жайы жана айыл чарбасы жакшы өнүккөн. Өнөр жайынын негизин кара металлургия, химия, машина куруу жана айыл чарба продуктуларын иштетүү түзөт. Маанилүү өнөр жай борбору: Ак-Төбө, Алга, Октябрск, Хромтау. Айыл чарбасында кайрак дыйканчылыгы жана жайытта багылма мал чарбасы (эт-сүт багытындагы уй, кой, жылкы, төө, чочко) басымдуу. Негизинен дан эгин (буудай, арпа, таруу) айдалат.