АК-ТЕРЕК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-ТЕРЕК, С у у л у у - К ы р г о о ‒ Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Жаргылчак айыл аймагына караштуу. Ак-Терек суусунун жана Бишкек ‒ Каракол автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1632 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 25 км батыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 158 км. Калкы 4714 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, медпункт, маданият үйү, китепкана бар.