АК-ТАШ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-ТАШ, Т е г и р м е н - С а й ‒ Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы кыштак. Чаткал айыл аймагына караштуу. Чаткал суусунун боюнда. Райондун борбору Каныш-Кыя кыштагынан 50 км батыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен (Өзбекстан) 177 км. Деӊиз деӊгээлинен 1380 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1 544 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, ФАП, мечит, тегирмен, мончо ж. б. бар.