АК-ТАЛАА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-ТАЛАА ‒ Нарын районундагы кыштак. Эмгек-Талаа айыл аймагынын борбору. Нарын дарыясынын оӊ жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 1860м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 32 км батыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 212 км аралыкта. 1930-ж. отурукташкан. Калкы 1 546 (2022); негизинен мал чарбасында жана тоют даярдоодо эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП, мончо, тегирмен бар. Кыштактын четинде ипподром курулган.





АК-ТАЛАА РАЙОНУ

АК-ТАЛАА РАЙОНУ Нарын облусунун түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Чыгышынан Нарын, түндүгүнөн

АК-ТАЛАА7.png

Жумгал, түштүгүнөн Ат-Башы райондору, батышынан Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Ош облусунун Өзгөн райондору менен чектешет. Аянты 6,4 миӊ км2 (Нарын облусунун аймагынын 14,2% түзөт). Район 1939-ж. түзүлгөн. Калкы 34 141 (2022). Район 13 айыл аймагына бөлүнүп, 18 кыштактан турат. Борбору ‒ Баетов кыштагы.
Райондун аймагы Ортонку Нарын өрөөнүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Молдо-Тоо, түштүгүнөн Жаман-Тоо, түштүк-батышынан Фергана тоо тизмеги менен курчалган. Райондун аймагы деӊиз деӊгээлинен 1170‒4737 м бийиктикте. Кен байлыктарынан курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик, кышы суук, узак, кар аз түшөт, жайы мелүүн, жылуу. Январдын орточо температурасы ‒25°С... ‒30°С, июлдуку 25°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 300‒500 мм. Суу тармактары жыш; ирилери: Нарын, Алабуга, Жаман-Даван, Жерге-Тал, Коӊорчок, Мазар, Ак-Тал, Коргон, Куртка ж. б. Райондун түндүк бөлүгүндө Соӊ-Көл жайгашкан. Боз жана күрөӊ топурак басымдуу. Боз топурактуу жерлеринде шыбак, эрмен, кара бүргөн, эбелек ж. б., тоолуу бөлүгүндө бетеге өсөт. Климаттын кургак болгондугуна байланыштуу чөл, жарым чөл жана талаа ландшафттары кеӊири таралган. Түзөӊдөрдө жана тектирлерде шыбак-эфемер өсүмдүктүү чөл, жарым чөл басымдуу; топурагы агыш коӊур же бозомтук күрөӊ топурактуу. Чаптуу жерлерде өсүмдүктөр өтө сейрек, бирин-серин баялыш, кара бүргөн, адырашман, чекенде, терескен, эбелек ж. б. өсүмдүктөр; батыш жагында жана Ала-Бука өрөөнүндө, таш-шагылдуу жерлерде төө таман, тикендүү куурай өсөт.

Райондун экономикасынын негизин мал чарбасы түзөт. Райондо кой-эчки, бодо мал, жылкы асыралат. Үй кушу багылат. Айыл чарбага жарактуу жери 389,6 миӊ га. Көпчүлүк жери (369,5 миӊ га) жайыт, 15,0 миӊ га жайлоо. Айдоо аянты 16,9 миӊ га, анын 15,7 миӊ гасы сугат жер, 1,6 миӊ га чабынды, 9,0 га көп жылдык өсүмдүктөр. Дан эгиндери, картошка, жашылча айдалат. Райондо мамлекеттик дыйканчылык (фермердик), биргелешкен чарбалар иштейт. Райондо негизинен автомобиль транспорту өнүккөн.
Райондо 18 орто, 3 башталгыч мектеп, кесиптик-техникалык лицей бар. Райондо борбордук жана 3 участкалык оорукана, диспансер, санитария -эпидемиологиялык станция, 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 9 ФАП, 19 китепкана, 19 клуб, 2 кинотеатр иштейт. Райондук «Айыл турмушу» гезити чыгат. Э. Жолочиева, А. Мырзаев.