АК-СУУ САНАТОРИЙИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ САНАТОРИЙИ ‒ Каракол (Пржевальск) шаарынан 15 км аралыкта, бийик тоолуу Ак-Суу өрөөнүндө деӊиз деӊгээлинен 1950 м бийиктикте жайгашкан бальнеологиялык дарылоо мекемеси. Аймагында карагай, четин, бөрү карагат ж. б. мөмөлүү өсүмдүктөр өсөт. Ак-Суунун ысык дары суулары жергиликтүү элге небактан бери белгилүү болгон. 2 ванна корпусу жана 2 барак тибиндеги жай курулган. 1957-жылдан бери балдардын шал ооруларын (полимиелит) дарылоочу жыл бою иштөөчү санаторий бар. Анын климатына жайы-кышы тоӊбогон Ысык-Көл, бийик тоо жана узун, тар капчыгай таасирин тийгизет. Тоо климаты менен деӊиз климатынын айкалышып турушу кыштын жумшак, жайдын салкын болушун камсыз кылат. Ысык, өтө ысык жана радиоактивдүүлүгү төмөн азот газы аралаш минералдуу суулар дарылоонун негизин түзөт. Курортто жерден чыккан тогуз булак бар. Алардын ичинен дарылык үчүн №1 булактан чыккан ысык суу гана колдонулат. Андагы минерал заттар бир литрде 350 гга жетет. Химиялык составы боюнча Ысык-Атанын арашан суусуна жакын, бирок аниондордон хлорид менен сульфаттар, катиондордон натрий, калий менен кремний кислотасы көптүк кылат. Жерден өзү атылып чыккан суулар өтө ысык болгондуктан (57°С) адегенде муздаткыч бассейнге агып келип, андан кийин ванналарга барып, керектелүүчү температурада колдонулат. №4 булактын суусу ичилет. Оорулуу балдарды айыктырууда анын минералдуу суулары жакшы жардам көрсөтөт.

                                                                                                                     Д. Алымкулов.