АК-СУУ Москва районундагы суу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ ‒ Москва районундагы суу, Чүй дарыясынын сол куймасы. Узундугу 155 км, алабынын аянты 483 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы мөӊгүлөрдөн башталып, Жар-Таш жана Чоӊ-Таш суулары кошулгандан кийин Ак-Суу аталат. Жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу агып, Чүй өрөөнүнө чыкканда нугу кеӊейип, тайыздай баштайт. Куймалары: Жарды-Суу, Темене, Ак-Башат, Чоӊ Таш, Бултуке ж. б. Алабында аянты 4,21 км2ге жеткен 77 майда көл бар. Май айында кирип, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 3,80 м3/сек; эӊ көбү ‒ 11,8 м3/сек, эӊ азы ‒ 1,45 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Ак-Башат, Жарды-Суу, Кепер-Арык, Төмөн-Суу, Ак-Суу, Мураке, Ак-Торпок кыштагы жайгашкан.