АК-САЙ КӨМҮР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-САЙ КӨМҮР КЕНИ Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Ак-Сай суусунун башатында, Жаман-Даван тоосунун түндүк этегинде. Кен жөнүндөгү алгачкы маалымат 1936‒39-жылдары берилген. 1952-жылы издөө иштери, 1955‒56-жылдары көмүр казып алуу үчүн 60 м тереӊдикке чейин штольня өткөн, 1957‒59-жылдары издөө-баалоо, чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүрлүү юра катмарында негизги кабат жана бир нече кабатчалар бөлүнгөн. Негизги кабатынын калыӊдыгы өтө өзгөрүлмөлүү жана кендин ар түрдүү бөлүгүндө ар кандай. Анын калыӊдыгы 0,05 мден 6,90 мге чейин өзгөрөт. Көмүрдүн сапаты, технологиялык касиети, петрографиялык курамы изилденбегендигинен кайсы маркага тийиштүү экендиги белгисиз. Көмүр айрым көрсөткүчтөрү боюнча таш көмүр, башка көрсөткүчтөрү боюнча күрөӊ көмүр метаморфизм стадиясына таандык. Орточо күлдүүлүгү 11,0%, орточо күйүү жылуулугу 28,24 МДж/кг (6746 ккал/кг). Эсептелген запасы (В+С12 категориясы б-ча) 183 миӊ т.