АК-ЖАР - Ат-Башы районундагы кыштак.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-ЖАР – Нарын облусунун Ат‑Башы районундагы кыштак. Ак‑Жар айыл аймагынын борбору Ат­-Башы өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2040 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ат‑Башы кыш­тагынан 2,5 км түштүк-батыш тарапта, Балыкчы те­мир жол бекетинен 230 км. Калкы 5 335 (2022); негизинен кой чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, китепкана бар. Улуу Ата Мекендик согуш­та курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры А. Жаркымбаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти С. Андабеков туулган.