АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ – 7–12‑кылымдарга таан­дык археологиялык эстелик. Бакай‑Ата районундагы Ак-­Дөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, Тараз‑Талас автожолунан 75 км ара­лыкта жайгашкан. Шаар калдыгы үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан жана рабаттан ту­рат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жал­пы узундугу 1080 м. Ал дубал чеп менен коргондолуп, мунаралар менен бекемделген. Сакталып калган дубалдын бийиктиги 2,5 м. Шаарга түндүк жагында­гы дарбаза аркылуу киришкен. Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Сепил шах­ристандын чыгыш тарабында жайгашып, ай­ланасы турак жайлар менен курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак жай ку­рулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археологиялык ка­зууда чийки кыштан тургузулган имарат уран­дылары, чарбалык маанидеги курулуштар ачыл­ган. Темир эритүүчү мештин жана металл кал­дыктары, чопо казан, кумура, жыгач аяктар, бычак, мал сөөктөрү табылган. Карала идиш­тери оймо‑чиймеленип, сыр менен кооздолгон. Ак-Дөбө шаар калдыгын орто кылымга тиешелүү жазма булак­тардагы Кул шаарынын орду менен байланыштыры­шат.

В. В. Бартольд, М. Е. Массон, А. Н. Берн­штам тарабынан изилденген.
М. И. Москалёв.