АК-ДӨБӨ - Жети-Өгүз районундагы кыштак
Jump to navigation
Jump to search
АК-ДӨБӨ – Ысык‑Көл облусунун Жети‑Өгүз районундагы кыштак. Ак‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Ысык‑Көл өрөөнүнүн түштүк чыгышында, Оргочор дөңсөөсүнүн чыгыш этегиндеги түздүктө, деңиз деңгээлинен 1690 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл‑Суу кыштагынан 20 км түндүк-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 208 км. Калкы 1945 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, ФАП бар.